Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

УКМК: Ош облустук милициянын бөлүм башчысы пара талап кылууга шектелип кармалды

15.02.2024 11:21
380
УКМК: Ош облустук милициянын бөлүм башчысы пара талап кылууга шектелип кармалды


Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет элдик инвестицияларды коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын жараны менен кылмыштуу келишими аныкталды.

2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШ жараны Н.Б., С.З. жана П.М.нын жардамы менен Ош облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы К.И.А.га зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча КР жараны М.Н.М.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бирок, милиция кызматкери К.И.А. кылмыштуу кол салууга бөгөт коюунун жана М.Н.М.га карата мыйзамда белгиленген чараларды көрүүнүн ордуна, экинчиси менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ал аркылуу АКШнын жараны Н.Б.дан шантаж кылуу жолу аркылуу 2 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылууну уюштурган.

Чындыкты аныктоо максатында Н.Б Ош шаардык ички иштер башкармалыгына М.Н.М.га карата чара көрүү үчүн кайрылууга аргасыз болгон, ал козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда пара менен кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында, акча каражатын алуу үчүн М.Н.М.аттуу жаранды милиция кызматкери К.И.А. өзүнүн жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Аталган кылмыш иши тергөө үчүн КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилип, анда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексинин негизинде 2024-жылдын 13-февраль күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы К.И.А. пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн