Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

УКМК Саркуловдун дипломун текшерип жатат

26.01.2022 17:13
651
УКМК Саркуловдун дипломун текшерип жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдорун текшерүүнү баштаган. 26-январга карата төмөнкүдөй фактылар аныкталганы кабарланды.


Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигинин, милициянын полковниги С.Ы.К.нын билими тууралуу жасалма диплому бар экени иликтенип жатат.


Мындан тышкары Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири С.З.А.нын жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар экендиги текшерилүүдө.


Атайын кызмат бул жарандар Орусиянын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистиги жана К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкенин билдирди.


Азыркы учурда материалдар чечим кабыл алуу үчүн УКМК тарабынан каралып жатат.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын Ыманалы Саркулов жетектейт.


УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз, жасалма жол менен даярдоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.


Жарандар мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруп бериши керек.


Буга байланыштуу УКМК жасалма документтерди колдонгондор тууралуу ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кабарлоону сунуштайт. Андай кылган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн