Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

УКМК: Талас облусунун ИИБ кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

29.01.2024 16:21
243
УКМК: Талас облусунун ИИБ кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. кармалды.


УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган.


Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


КР УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн