Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз иш алып барып жаткан 60 мечит аныкталды

29.06.2023 11:23
266
УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз иш алып барып жаткан 60 мечит аныкталды


Мечиттердин курулушун координациялоонун жана аларды каттоонун бирдиктүү эрежелерин текшерүү максатында, Жалал-Абад облусунун аймагындагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча КР УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, “Кадастр” ММ, ӨКМ, мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ДИМК жана КМДБнын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүү демилгеленген.


УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, комиссиянын ишинин жүрүшүндө КМДБнын жана ДИМКнын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча: Сузак - 33, Базар-Коргон - 2, Ноокен - 5, Аксы - 3, Чаткал - 5, Токтогул - 1, Тогуз-Торо - 7, Жалал-Абад - 3, Майлуу-Суу - 1.


Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит КМДБдан жана ДИМКдан каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди.


Белгилей кетсек, мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын, КМДБнын макулдугусуз өз алдынча, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31- декабрындагы № 282 Мыйзамынын 10-берененин 1-бөлүгүн “Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып диний иш жүргүзүү укугуна ээ болот” бузуу менен курулган.


Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, КМДБнын жана ДИМКнын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн