Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат аталган борбордо системалуу түрдө акча чогултуу фактысы боюнча жарандардын УКМК жетекчилигинин дарегине бир нече жолу кайрылгандыгына байланыштуу, сот тарабынан санкцияланган тергөө иш-чаралары уюштурулуп, анда аталган борбордун дарыгери тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу жана алуу фактылары аныкталган.
Тактап айтканда, 28-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук онкология борборунун дарыгери – 1988-жылы туулган С.М.П. кармалган. Ал системалуу түрдө онкологиялык оорулууларга жасалган операциялар жана акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган төлөмдөрдү реестерге каттабастан, алар боюнча квитанцияларды бербестен 2000 сомдон 20 миң сомго чейин акча каражаттарын бейтаптардан алып жүргөн. Буга байланыштуу санкцияланган видео байкоонун жүрүшүндө аталган дарыгер тарабынан пара алуунун көптөгөн фактылары (эпизоддору) тастыкталган. Дарыгердин кабинетин тинтүүнүн натыйжасында бейтаптардан алынган 119 миң сом жана 100 доллар табылып, алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында дарыгер С. М. П. КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Борбордун кызматкерлеринин арасынан кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
УКМК коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалдашканына байланыштуу, өлкөбүздүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт койуу боюнча активдүү жана максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканын эскертет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн