Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

УКМК коррупция боюнча депутат Надира Нарматованын уулун кармады

01.05.2023 13:51
404
УКМК коррупция боюнча депутат Надира Нарматованын уулун кармады

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу, Ош бажы тармагынын бажылык документтештирүү тобунун башкы инспектору Азатбек Нурдинов коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалганы айтылууда.


Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалыматты тактагандан кийин билдирерин айтты.


Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бажыдагы чоң коррупциялык схеманын ачылгандыгын маалымдаган. Алардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бажыдагы чоң коррупциялык схемага катышууга шектелип кармалганы айтылган.


Булак: "ПолитКлиника"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн