Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК: "Абдыш-Ата" заводуна тинтүү жүргүзүлгөн жок

13.05.2023 07:48
383
УКМК: "Абдыш-Ата" заводуна тинтүү жүргүзүлгөн жок

«Абдыш-Ата» ишканасында атайын кызмат тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.


 Айрым массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Абдыш-Ата заводунда тинтүү жүргүзүлдү делген маалымат абсолюттук жасалма жана чындыкка дал келбейт.


 "УКМК маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн так маалымат берүүгө жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга кайрадан чакырат жана атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчилик караларын эскертет",- деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн