"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Кубанычбек Асанов кармалды. Бул тууралуу 24.kg. агенттиги анын жубайына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, Асанов УКМК тарабынан Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган билдирүүсүнө кармалган. Ал цыган улутундагы жарандар көбөйүп кеткенин, аларга чара көрүү керек деген мааниде пост жарыялаган.
Кубанычбек Асанов эки жылдан бери "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болуп келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн