Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК тарабынан издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды

07.06.2023 11:54
562
УКМК тарабынан издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды


Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган К.А.Г. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалды.

К.А.Г. “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн, ал Кыргызстандын аймагында айыптоодон жашырынып жүргөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык К.А.Г. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда УКМК тарабынан К.Г.А. аттуу жаранды Кыргызстандын аймагында жашырууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн