Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:17
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМКнын кызматкерине 2 млн 745 миң сом пара берип жаткан жеринен бир туугандар кармалды

07.03.2022 19:00
1120
УКМКнын кызматкерине 2 млн 745 миң сом пара берип жаткан жеринен бир туугандар кармалды

 УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

   

Маалыматка ылайык, мурда УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара аркылуу Казакстан Республикасына жалпы салмагы 11,51 кг наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган КР жараны А.М.А. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн КР УКМК кызматкерине 30 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаганы аныкталды.

 

  2022-жылдын 19-февралында бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

 

  2022-жылдын 5-мартында жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды.  

 

  Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн