Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 08:41
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

USAID Кыргызстанга вакцина үчүн муздаткыч сунуштаган эмес

22.01.2021 11:41
1971
USAID Кыргызстанга вакцина үчүн муздаткыч сунуштаган эмес

USAID Кыргызстанга Pfizer  вакцинасын сактоо  үчүн муздаткыч сунуштаган эмес. Бул тууралуу Эльвира Сурабалдиева Твиттер баракчасына жазды.


Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министринин м.а. Бейшеналиев туура эмес маалымат жеткирип алган.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы парламентте Саламаттыкты сактоо министринин ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кечирим сурайт. Белгилүү болгондой, USAID өзүнүн муздаткыч кызматын сунуш кылган эмес. Саламаттыкты сактоо министри жаңылыптыр" ,- деген билдирүүкалтырган Сурабалдиева.


Эске салсак, 21-январда министр USAID Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн бекер муздаткыч бере турганын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн