Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

USAID саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо системаларын колдоого даяр

17.02.2023 16:44
268
USAID саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо системаларын колдоого даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) администраторунун орун басары Изобель Коулман менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЮСАИД ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Тараптар саламаттык сактоо, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, креативдүү экономика, калктын аяр катмарын колдоо жаатындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.

Бул жаатта министрлер кабинетинин башчысы мамлекет тарабынан калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо боюнча иштиктүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи, атап айтканда, Акылбек Жапаров «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам» долбоорун ишке ашырууга токтолду, ага ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат бөлүнөт.

Өз кезегинде Изобель Коулман саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо системаларын чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга салым кошууга даяр экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн