Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элден кечирим сурай баштады

03.12.2020 14:50
9909
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элден кечирим сурай баштады


Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары элден кечирим сурады. Бул тууралуу "Назар ньюс" агенттигине берген маегинде билдирди.


"Баарыбызга белгилүү болгондой Аскар Акаев, Курманбек Бакиев дагы өзүнүн Конституциясын жазып, өздөрү каалагандай иштеген. Бирок, Акаев кеткенде ал Конституция өзү менен кошо кетти. Бакиев келгенде ал Баш мыйзам менен иштебей өзүнө ынгайлуу кылып жазып, иш алып барды. Ал эми 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөт өзүбүз каалагандай өзгөртүп аны менен иштегенге аракет кылдык. Урматтуу кыргыз элим мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кечирим сурайм. Биз сиздерге жакшы мыйзам бере албадык. Биздин Конституциябыз жакшылык алып келген жок, турмушуңуздар оңолгон жок. Сиздерге берген убадалар аткарылган жок. Мыйзамдар иштеген жок, чет элге берилген кен байлыктар кайтарылган жок, коомубуз тынчыбай койду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияны өзүбүз буздук," - деп сөзүн жыйынтыктады Бекназаров.

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Кыргыз айым.
Убактылуу окмот 2010-ж. Болбогондо корот элек, тескерисмнче 2010 --ж. Кыргыз эли референдумга болуп корбогрндой активдуу катышып, у.ок. ту колдогон. Ошол убактылууу окмоттун иши тарыхта кплат. Ообо арасынан ашага, исага бекназаровго окшогон сасыткылар чыкпай койгон жок.
Абдуллаев М.Т
Ушуга чейинки алган конституциялык Кыргызстанлын өнүгүүсүнө жардам бербесе. Эмнеге дагы конституция алабыз. Бул да элге эч нерсе бербейт. Каршы добуш берели.
курсанбек
эркек экенсиз моюнга алуу да эрдик азимбек анаркулович эн туура айтыпсыз болоору болду жок дегенде жаны келген бийликке тынчтык беришсин эми
Калысбек
Ой алдар көсөө Жайсаңбаев, Пак ж.б. акчага эле коё берип жиберип, эми элден озунуп кечирим сурамыш болгонуң өтпөйт. Баарыңды камап туруп кустурса деле бюджет толо түшөт !
Накен
Текебаев жаш балдарды тонкорушко турткондугу, мародерлук Ош боюнча кечирим сурай ала бекен!?
Майрам
Эртенки келечек жашообузду ойлобой ,Оз чонтогунорду ойлоп журуп ,канча деген жылдар жашын тогуп отту...Эми Азимбек байке карыганда акыл иштейттен болуп ,кечирим сураптыр. Оз эрки кечирим сураганга жеткен Азимбек байке ,элдин ырыскысын алган болсо кудай астында кайтарып берсин элге.