Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элден кечирим сурай баштады

03.12.2020 14:50
9910
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элден кечирим сурай баштады


Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары элден кечирим сурады. Бул тууралуу "Назар ньюс" агенттигине берген маегинде билдирди.


"Баарыбызга белгилүү болгондой Аскар Акаев, Курманбек Бакиев дагы өзүнүн Конституциясын жазып, өздөрү каалагандай иштеген. Бирок, Акаев кеткенде ал Конституция өзү менен кошо кетти. Бакиев келгенде ал Баш мыйзам менен иштебей өзүнө ынгайлуу кылып жазып, иш алып барды. Ал эми 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөт өзүбүз каалагандай өзгөртүп аны менен иштегенге аракет кылдык. Урматтуу кыргыз элим мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кечирим сурайм. Биз сиздерге жакшы мыйзам бере албадык. Биздин Конституциябыз жакшылык алып келген жок, турмушуңуздар оңолгон жок. Сиздерге берген убадалар аткарылган жок. Мыйзамдар иштеген жок, чет элге берилген кен байлыктар кайтарылган жок, коомубуз тынчыбай койду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияны өзүбүз буздук," - деп сөзүн жыйынтыктады Бекназаров.

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Кожошева Жийдегул
Кечирим сурагын жакшы.. Эми ушунча жылдан бери жегенинерди мамлекетке кайтаргыла...
Эсенова Токтокан
Ичип жегичтердин айынан тентип жүрөбүз,кары жашыбызга карабай
Нуке
Ото коп суроолордон отушунор керек