Үй-бүлөдө үч бир тууган уул, үчөө тең Куранды жат билет. Мекке шаарында өткөн дүйнөлүк Куран жарышта биринчи орунду ээлеген Мухаммадали Умаров "Умма" ислам журналына маек берди.
Ал Куран жарышка болгон даярдык, анын кыйынчылыктары жана жеңгенден кийинки сезимдери менен бөлүшкөн.
"Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Эки кыз, үч уул. Эркек балдар баарыбыз Куранды жат билебиз.
Атам айылдын имамы болгондуктан 4-5 жашымда Куран жаттай баштагам. 11 жашымда толук жаттадым",- дейт Мухаммадали Умаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн