Теке 03, 2024
Убакыт: 08:37
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Үч шайлоо округунан алдыга озуп чыккан талапкерлер белгилүү болду

Үч шайлоо округунан алдыга озуп чыккан талапкерлер белгилүү болду


Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, саат 20:40ка карата 175 участоктун 173үнөн, башка айтканда 98,8%ынын автоматтык эсептөөчү урналарынан маалыматтар келип түштү.

Бардык шайлоо участкаларында добуштарды милдеттүү түрдө кол менен саноо жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпы округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылат.

БШК билдиргендей, №5 Ноокат округундагы 91 миң 57 шайлоочунун 25 миң 611и же 28,13%ы добуш берди.

Ал эми №29 Свердлов округунун 122 миң 975инин 16 миң 424 шайлоочусу же 13,36%ы катышты. №36 Ысык-Көл округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 21 миң 807си же 22,40%ы добушун берди.

Ноокаттан Марипов Бакытбек Асамидинович 11 миң 523 же шайлоочулардын 44,99%ынын добушун алып, атаандаштарынан алдыга чыкты.

Ысык-Көл округу боюнча Тыналиев Айжигит Казакбаевич 3498 шайлоочунун (16,04%) добушуна ээ болду.

Свердлов районунан Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке 10 миң 611 шайлоочу добушун берди. Бул 64,61%ды түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн