Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Үч жыл катар аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоонун терең социалдык мааниси бар

13.05.2020 11:06
1023
Үч жыл катар аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоонун терең социалдык мааниси бар


Президенттин үч жыл катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялашы эң терең экономикалык жана социалдык мааниге ээ, деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында.


Анын айтуусунда, аймактардын жашоосунун ажырагыз бөлүгү - бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, таза суу, ирригация, жол, транспорт, энергетика жана интернет санариптештирүү болуп саналат. Жалпы аймактарды өнүктүрүүгө 14 млрд сом жумшалган.


Өткөн жылы 1224 ар кандай инфраструктуралык объект салынды. 664 объект бюджеттен тышкары донорлордун эсебенинен салынып жатат, калганы бюджеттин эсебинен бүткөрүлүүдө.   


Өлкө боюнча 800 км унаа жолу 10,9 млрд сомго ар кандай ички жана тышкы булактардын эсебинен асфальттанып жатат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн