Учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
"Анын ичинен эң көбү Россиянын аймагында. РФ Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча миграциялык каттоодо 379 миң 949 адам, Казакстанда болжолдуу маалыматтар боюнча 70 миң жана Түркияда 32 миң адам турган.
Министрликтин эсеби боюнча, бүгүнкү күндө АКШда 40 миңге жакын, Кореяда 17 миңден ашуун, Германияда 15 миңге жакын, БАЭде 10 миңден ашуун кыргызстандык мекендештерибиз бар", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн