· Өмүрлүк, жылдык, айлык, күндүк, сааттык максат, милдет менен жашап үйрөн.
· Баардык ишти өз учурунда жаса. Аткара албасаң, ордун кечиктирбей толтурууга аракет кыл.
· Баардык учурда иштериңди убакыт менен кошо пландап, ошол убакытта аткарууга аракет кыл. Эгер аткара албасаң, себебин үйрөн, катаңды түзөтүп үйрөн.
· Учурунда иште, эс ал, ойно, укта, бирок бир саат да бекер, себепсиз кетпесин.
· Бир жумуштан чарчаганыңда, башка түрдүү иш аткарып эс алсаң да болот. Анткени, адам көбүнчө иштен эмес, бир түрдүүлүктөн чарчайт.
· Тууган, досуңдун да сенин убактыңды артыкча бекер, ашыкча алуусуна жол бербе.
· Ар күнкү аткарган жана аткара албаган ишиң жөнүндө өзүңө өзүң жооп бер.
· Улуу иштерди бүткөрө алган адамдардын өмүрүн, убакытты пайдалана билүүсүн окуп, сурап үйрөн, өз өмүрүңдө пайдалана бил.
· Бир ишти өз убактыңда бүткөрө албасаң, башка ишти мөөнөтүнөн илгери бүтүрүп, убакыттан озо бил.
· Ар кыл ишти рационалдуу, өз убагында аткаруунун жаңы жолун, методун үйрөнүп, пайдалан.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн