Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улан Бакасов бачабаздарды хирургиялык жол менен бычууну сунуштады

24.01.2023 13:46
269
Улан Бакасов бачабаздарды хирургиялык жол менен бычууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов Кыргызстанда бачабаздарды  хирургиялык жол менен бычууну сунуштады.Бул тууралуу депутат бүгүн, 24-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде билдирди.



Депутаттын сунушуна ылайык,
жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор психиатрдын текшерүүсүнөн өтүшү керек, педофилияга жакындыгын, бычуу зарылчылыгын дарыгерлер аныкташат, 
мындай экспертиза соттолгон киши бошотулганга чейин алты айдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.

Бакасов ошондой эле балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдатып, 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.

Тармактык комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн