Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:34
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Улан Ниязбеков Кытайдын Коомдук коопсуздук министринин орун басары менен жолугушту

10.04.2023 17:15
337
Улан Ниязбеков Кытайдын Коомдук коопсуздук министринин орун басары  менен жолугушту



2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министринин орун басары Ду Ханьвэй менен жолугушуусу болуп өттү. 


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Улан Ниязбеков Ду Ханьвэйге бүгүнкү иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин бекем эки тараптуу кызматташтыктын уландысы экенин белгиледи.


“Кызматташтык мезгилинде элчилик тарабынан ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө потенциалын күчөтүүгө олуттуу салым кошулду. Айрыкча, материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча бир топ жакшы мамилелер түзүлгөн. Мындан тышкары, биз Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташтыктын жогорку деңгээлине жеткенибизди чоң кубаныч менен белгилейбиз”, - деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.


Улан Ниязбеков белгилегендей, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү бир мамлекеттин аракети менен дээрлик жеңилгис экенин белгиледи. Алар менен күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, өзгөчө чек арага чектеш жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен, макулдашылган аракеттерин талап кылат. 


“Биздин мамлекеттер үч “жамандык күчтөрүнө» - эл аралык терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, ошондой эле киберкылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана наркотрафик коркунучуна каршы күрөшүүдө кызматташуу маселелери боюнча бирдиктүү позицияларга ээ",- деди Улан Ниязбеков.


Ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө маалыматтык технологиялардын жетишкендиктерин колдонуу жаатында, ошондой эле криминалистика чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында кыргыз тарап кытайлык кесиптештерине КР ИИОнун кызматкерлери үчүн тренингдерди жана окутуу курстарын өткөрүүнү уюштурууну сунуштады.


Өз кезегинде, министрдин орун басары Ду Ханвэй мырза эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын ортосундагы достук кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ыраазычылык билдирди.


Мындан тышкары Ду Ханвэй өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын ырастады, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин кызматташтыктын өнүгүүсүнүн оң динамикасы баса белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды. Эки тарап тең укук коргоо органдарынын учурдагы кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалашты жана аны андан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн