Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:15
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Улан Ниязбеков «Saferworld» эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерин талкуулады

08.02.2022 16:41
647
Улан Ниязбеков «Saferworld» эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерин талкуулады



Кыргыз Республикасындагы «Saferworld» эл аралык уюмунун кеңсесинин башчысы Стефан Стоянов, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун Баткен филиалынын директору Роберт Абазбеков, Кеңешчи-эксперт Таалайбек Акбаев, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча кеңешчиси Равшан Абдукаримов ИИМдин Борбордук аппаратына таанышуу экскурциясы менен келишти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Меймандарга Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын полковниги Сталбек Рахманов ИИМдин Борбордук аппаратын тааныштыруу экскурсиясын өткөрүп, ички иштер органдары тарабынан милициянын бардык ишмердүүлүгүн трансформациялоого, гумандаштырууга, коом менен ишенимди жана өнөктөштүктү арттырууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.


Делегацияга нөөмөт жайын, расмий делегациялар менен жолугушууларды жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташуу залын, өлкөнүн бардык облустарындагы жана шаарларындагы эл көп чогулган жерлерде абалды интеллектуалдык камералар аркылуу көзөмөлдөгөн ыкчам башкаруу жана координациялоо борборун, ИИМдин Басма сөз кызматынын студия борборун модернизациялоонун натыйжасы, жабдылышы жана режиссердук жайлары менен таанышты.


Алар милициянын көчмө пункттарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген атайын жабдуулар орнотулган мониторинг бөлмөсүн жана милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн боди-камераларынан аудио-видео маалыматтарды көрсөтүштү. Мындан тышкары, укук коргоо кызматкерлери алдыдагы пландар тууралуу айтып беришти.


Келечекте республиканын бардык нөөмөт бөлүмдөрүн, убактылуу кармоочу жайларын бириктирүү жана социалдык-кызматтык абалды учурдун талабына ылайык көзөмөлдөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин көзөмөлдөө үчүн республиканын бардык аймактарынан келген видеобайкоо камералары менен интерактивдүү доска түзүүнү жана бардык милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн жана балдар иштери боюнча инспекторлорду камералар жана планшеттер менен жабдуу жагы сунушталган.

Таанышуунун жыйынтыгында, ИИМдин жетекчиси менен жолугушуу өткөрүлүп, ички иштер министри Улан Ниязбеков «Saferworld» эл аралык уюмунун өкүлдөрүнө жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдиришти.


«Биринчиден, «Saferworld» уюмуна жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондуна кыргыз милициясынын жөндөмдүүлүгүн жана калк менен өз ара аракеттенүүдө күчөтүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү күндө сиздин колдооңуздар менен 40 коомдук алдын алуу борборлору курулуп, оңдолуп, жабдылды. Мындай иш-аракет ИИМдин жергиликтүү деңгээлде калк арасында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттерине чоң салым кошууда», - деди Улан Ниязбеков.


Министр биргелешкен демилгелердин маанилүүлүгүн, эки тараптуу аракеттер менен жетишилген олуттуу натыйжаларды баса белгиледи. Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. 


Өз сөзүнүн аягында Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги үчүн калк жана жарандык коом менен өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салуу абдан маанилүү экендигин белгиледи. Министрлик оң натыйжаларга жетишүү үчүн белгиленген жалпы пландарды ишке ашырууда дайыма ачык жана көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн