- Улан Омоканович, министрлик кызматка келгениңизге үч жылдан ашып калды. Ушул аралыкта бүтүргөн маанилүү үч ишиңизди айтып берсеңиз?
- Маанилүү жумуштарды үч же беш иш менен чектөөгө болбойт. Себеби, элдин коопсуздугун камсыздоо маселесинде эч кандай чек болбошу керек деп эсептейм. Ички иштер органдары өлкөнүн баардык аймактарында калкыбыздын коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жүктөлгөн милдеттерди күнү-түнү аткарып келүүдө.
Өлкөнүн ички коопсуздугун көзөмөлдөгөн, коомдук туруктуулукту сактоого ишенимдүү кадам алган санариптешкен жаңы этап менен иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Азыркы мезгилде өлкөнүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактаган кыргыз милициясынын эр-азаматтары, эл алдында берген анттарынын өтөсүнө чыгып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо ийгиликтерди жаратып келүүдө.
Ички иштер министрлиги укук коргоо чөйрөсүндө коюлган милдеттерди чечүүнү камсыз кылып, укук тартибин коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана олуттуу иш-чараларды өткөрүп келүүдө.
Ички иштер органдарынын ишин ар тараптан жакшыртуу боюнча оң натыйжаларга жетишти, санариптештирүү, структураны оптималдаштыруу, ротациялоону сапаттуу жүргүзүү, борбордо жана региондордо калкка сервистик кызматтарды көрсөтүү, коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу иш-чараларын күчөтүү комплексин ишке ашырып келүүдө.
Биринчиден, коомдук тартипти сактоодо санариптештирүүнү толугу менен колго алып, аны республиканын баардык аймактарында коопсуз өлкөнү камсыз кылууга багыт алдык. Бул багытта өлкөбүздүн дээрлик аймактарына терең талдоолорду жүргүзүп, кооптуу катары эсептелген негизги участокторго жана мерчемдүү жерлерге видеокамераларды орноттук. Бүгүнкү күндө алардын саны үч миңден ашты. Анын ичинде 760 камера эл аралык нормаларга жооп берген заманбап камералар болуп эсептелет. Коомдук жайларга күнү-түнү көзөмөл жүргүзгөн “Мониторинг борборунун” ишмердигин чыңдоо үчүн кошумча заманбап технологиялык каражаттар менен камсыздадык. Натыйжада, 9 айда видеокамералардын жардамы аркылуу 2 миң 500 кылмыштар ыкчам аныкталып, 555 адам мыйзам жоопкерчилигине тартылды. Ар түрдүү мүнөздөгү 500дөн ашык укук бузуулар жана коомдук жайлардагы кылмыштарга бөгөт коюлду. Республиканын аймактарында, коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган жерлерде укук бузуулардын алдын алуу жана эл арасында пропаганда жумуштарын күчөтүү үчүн 2 миң 800 кайгуул багыттарын түзүп, 4 миң кызматкерди бекитип, күндүзгү жана түнкү убактарда иш алып баруу тартибин киргиздик. Натыйжада, коомдук жайларда жасалган кылмыштар 6%га төмөндөдү.
Экинчиден, элге сервистик кызмат көрсөтүүнү толугу менен жолго коюп келе жатабыз. Милициянын 59 көчмө кабылдамалары аймактарды кыдырып, элге жолугуп, жарандардын арыз-билдирүүлөрүн жеринде карап, юридикалык кеңештерди берүүнү улантып жатат. Көчмө кабылдамалар аркылуу элди тейлөөнү жакшыртуу боюнча келечекте дагы кошумча унааларды алып, ишке киргизүүнү пландап жатабыз.
Жыл ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 4 миң 777 жолу элге чыгып, анын жүрүшүндө 9 миң 518 адам кайрылып, 6 миң 319 арыздар кабыл алынды. Алардын ичинен коопсуздук маселеси боюнча 569, өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарына 832 социалдык багыттардагы маселелер чечүүгө жиберилди. Андан сырткары, 4918 жолу жарандарга юридикалык жардамдар көрсөтүлдү. Коомчулук арасында резонанс жараткан кылмыштарды болтурбоо, жол кырсыктарына жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча 40 миңден ашуун профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, соттуулугу жок же бар экендиги тууралуу жана ички иштер органдарына тийешелүү башка маселелер боюнча маалым каттарды жана башка документтерди берүү үчүн азыркы учурда борбордо жана региондордо “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 42 борбору жана пункттары иштеп жатат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы Portal.tunduk.kg аркылуу электрондук форматта берилип келүүдө. Тогуз айда 288 миң 47 маалым кат, 12 миң 184 апостилдештирилген маалым кат берилди.
Министрлер кабинетинин “Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-январынан бери ички иштер министрлигинин Баткен облусундагы “Бирдиктүү терезе” режиминде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору жана пункттары тарабынан жарандарга 15 миң 292 маалым каттар жана башка документтер акысыз бекер берилди.
Үчүнчүдөн, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө заманбап технологияларды колдонуу, кылмыштын бетин ачуу, сапаттуу, таза тергөөнү колго алуу менен бирге мыйзам актыларын толугу менен кайра карап чыктык. Ички иштер органдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоону колго алдык, заманбап техникалар менен камсыз кылууну жана кызматкерлерге шарт түзүү маселелерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатабыз.
Эл менен түздөн-түз иш алып барган мамлекеттик органдардын алдыңкы сабында милиция кызматы тургандыктан, кызматкерлердин сырткы келбетин иретке келтирүү үчүн 4 мезгилдин талаптарына жооп берген жаңы формалык кийимге толугу менен өттүк. Жардам сурап кайрылган жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүп, ишмердиктин даражасын жогорулатуу үчүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына 1000 даана боди-камера, 500 даана планшеттерди ишке киргиздик. Тийешелүү кызматтардын, бөлүктөрдүн баардыгын компьютердик жана башка колдонуучу заманбап техникалык каражаттар менен камсыздадык. Материалдык-техникалык базаны чыңдап, милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн өнөктөштөрдүн, демөөрчүлөрдүн жана өлкө жетекчилигинин колдоосу менен быйыл эле 150 автоунаа, 21 мотоцикл алып, элди коопсуз тейлөө боюнча тийешелүү бөлүктөргө таратып бердик. Натыйжада, катталган кылмыштардын бетин ачуу 4%га жакшырды. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 6 тоннадан ашуун баңгизат аныкталып, өткөн жылга караганда 400 килограммга көп алынды.
Кылмыш иштерин калыс тергеп, элдин арыз-даттанууларына туура чечим чыгаруу процедурасын күчөтүүнү колго алып жатабыз. Аны баарыңыздар билесиздер. Натыйжада, 11 миң 501 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, тергөө жолу менен 2 миң 400 кылмыштын бети ачылды. Бизде маанилүү багыттар абдан көп. Ар бир багытта биз ишмердүүлүгүбүздү күнү-түнү жүргүзүп келе жатабыз.
Учурда негизги багытыбыз кылмыштуулуктун алдын алуу, элге жакындан жардам көрсөтүү, кылмыштардын бетин ачуу, аны акыйкат тергөө менен калыс чечимдерди кабыл алуу жана коопсуз мамлекет деңгээлине жетүү эсептелет. Жарандардын арыздары боюнча мыйзам чегинде ыкчам жана адилет чечимдерди кабыл алуу, элге сапаттуу сервистик кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүү, берген антына бекем турган тартиби жогору кадрларды даярдоо, иште ийгиликтерди жаратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоонүн үстүндө тыным албай иштеп жатабыз.
- КМШ өлкөлөрүндөгү бир топ кесиптеш министрлер менен жылуу алака түзгөнүңүздү байкап жүрөбүз. Тышкы байланыштарды чыңдоонун ИИМге жана өздүк курамга кандай пайдасы тийүүдө?
- Ички иштер министрлиги эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү бир катар натыйжалуу иш-чараларды жүргүздү. Чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө максатында быйыл эле 338 иш-чара уюштурулуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу жагы бекемделүүдө. Эл аралык кызматташтык ишмердүлүүгүнүн негизинде эл аралык донорлордон Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине жалпы 23 миллион 305 миң 470 сомдук ар кыл заманбап материалдык техникалык жардамдар алынды.
ИИМдин жетекчилигинин катышуусунда эл аралык маанидеги, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, элчилери, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү менен укук коргоо багытындагы маанилүү маселелер боюнча жолугушуу, сүйлөшүү, отурумдар, өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду. ИИМ КМШ өлкөлөрүнүн баардык ички иштер министрликтери жана Шанхай кызматташтык уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму, Сауд Арабия Королдугунун, Бириккен Араб Эмираттарынын, Кытай, Корея, Түркия, Япония мамлекеттери менен жемиштүү кызматташтыкты жүзөгө ашырды. Мен Түркия Республикасынын ички иштер министри Али Ерликая, Россия Федерациясынын ички иштер министри Владимир Колокольцев, Казакстан Республикасынын экс-ички иштер министри Марат Ахметжанов, азыркы ички иштер министри Ержан Саденов, Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри Пулат Бобожонов, Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуп, коопсуздук, коомдук тартипти чыңдоо максатында бир катар маанилүү келишимдерге кол койдум. Ал келишимдердин арасында Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин ички иштер министрликтери менен кадрларды даярдоо боюнча өзгөчө маанилүү багыттарда да келишимдерге кол коюлуп, ал акырындык менен иш жүзүнө аша баштады.
Мындан тышкары, эл аралык кызматташтыктын алкагында ири долбоорлорго, натыйжалуу келишимдерге, меморандумдарга жана коомчулукту тейлөө сапатын чыңдоо боюнча шарт түзүү үчүн бир катар макулдашууларга жетиштик. “АвтоУраган” аппараттык-программалык комплексинен 20 даана алынып келинди. Аталган иш-чаралар калкыбыздын коопсуздугун бекем сактоого, жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткарууга, функционалдык мүмкүнчүлүктү жакшыртууга карата жасалууда. Быйыл эле жол эрежелерин бузган 4 миң 49 автоунаа аныкталып, 1 миң 459 автоунаа айып жайларына киргизилген, издөөдө жүргөн 540 автоунаа кармалган, ошондой эле тогуз ай ичинде мамлекеттик бюджетке 12 миллион 868.800 сом өндүрүлгөн.
- Кыргызстанда диний экстремисттик уюмдардын тымызын күчтөнүүсү, терең тамыр жайышы байкалууда. Алардын саны барган сайын көбөйүп отурса, мамлекеттин келечегине коркунуч жаратпайбы? Бул багытта кандай иш-аракеттерди көрүп атасыздар?
- Туура суроо бердиңиз. Биз бул багытта күнү-түнү иштеп жатабыз. Иш аракеттер ыкчам багытта болгондуктан, аны ачыктоого болбойт. Деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын саясый, экономикалык, криминалдык, өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган, кызыкчылыктарды жараткан аракеттерге жана алардын ишмердүүлүгүнө толук бөгөт коюу иштери жүрүүдө.
Маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар, анын ичинде интернет тармагы экстремисттик уюмдар үчүн радикалдык көз караштарды жайылтуу, өзүнүн катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, экстремисттик багыттагы кылмыштарды уюштуруу жана жасоо үчүн пайдаланылган негизги байланыш каражаттарын катуу көзөмөлдөп, мыйзам чегинде чараларды көрүп жатабыз.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 21 экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү уюмдардын (экстремисттик 3, террористтик 7, экстремисттик жана террористтик 9, деструктивдүү 1) ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Экстремисттик жана террористтик уюмдар менен топтор өз идеологиясын пропагандалоо, кызматташтыкка тартуу жана пикирлештерди окутуу, ар кандай террористтик топтор менен байланыш түзүү жана каржылоо максатында глобалдуу маалыматтык-коммуникациялык тармактардын мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдаланууга аракет кылып жатышат. Кыргызстандын жаштарынын арасында ар түрдүү багыттагы радикалдык идеялардын таралуусу тынчсыздандырат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана башкы прокуратурасы менен биргеликте интернет тармагында экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 500дөн ашык сайттарга бөгөт коюлду. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында экстремисттик топтордун, анын ичинде эл аралык масштабдагы уюмдардын ишинен келип чыккан заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы жаңы редакцияда иштелип чыгып, 2023-жылдын 28-февралында күчүнө кирди. Аталган мыйзамда экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын негизги субъекттери жана компетенциялары аныкталды. Ошондой эле экстремисттик иштин алдын алуу (профилактикасы), атап айтканда, жеке, юридикалык жактар жана башка уюмдар тарабынан экстремисттик материалдардын таратылышына, сот тарабынан экстремисттик деп табылган уюмдардын аракеттерин коомчулукка ачык жарыяланышына, ошондой эле электр байланыш тармактарын жана байланыш каражаттарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын бул максатта пайдаланууга жол бербөө механизмдери иштелип чыкты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан диний кырдаалдын радикалдашуусун алдын алуу, экстремизмге каршы аракеттенүү багытында тийиштүү иш-чаралар жүзөгө ашырылууда.
2023-жылдын он айында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан экстремизмге каршы күрөшүү багытында 250 факт аныкталды. Алардын ичинен экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо 12, экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу 193, мыйзамсыз диний топту уюштуруу 2, расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу 43, сотко 186 иш жиберилип, 1811 нуска экстремисттик материалдар алынды. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган 9 экстремисттик жана эл аралык террористтик топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Жакынкы эле аралыкта Жалал Абад, Ош облустарынан жана Ош шаарынан өзгөчө оор кылмыштарды жасаган куралдуу эл аралык экстремисттик-террористтик багыттагы топтор кармалды.
Диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактык кастыкты козутууну алдын алуу максатында республика боюнча жалпы 4584 маалымдоо алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Атайын лекциялар, семинар-тренингдер, форумдар, конференциялар, жолугушуулар жана тегерек столдор өткөрүлдү.
Учурда ички иштер министрлиги тарабынан экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу максатында баардык мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү менен биргелешкен иш-чаралардын пландары иштелип чыгып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
- ИИМде кадрларды өстүрүүдө кандай критерийлерге, негиздерге таянасыз?
- Кадрларды даярдоодо биз адегенде кесипкөйлүккө таянабыз. Ар бир милиция кызматкери кесибин сүйгөндө, аны толугу менен өздөштүрө билгенде гана ийгиликтерди багындырат. Ал үчүн ар бир милиция кызматкери жогорку интеллектуалдуу, билимдүү, көрөгөч, акылдуу, ыкчам, жүрөгүндө элге кызмат кыламын деген ишеними бар, таза жана эр жүрөк азаматтардан болушу керек. Биз келечекте мыкты кадрларды даярдоо боюнча ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясына жана республикалык окуу борборуна кесипкөй кызматкерлерди даярдоо боюнча эң жогорку талаптарды коюп, аны иш жүзүнө ашырып келе жатабыз.
Ички иштер органдарынын кызмат орундарына тандоо системасын түзүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актылар менен буйруктар бекитилген. Ошондой эле кызмат орундарына коюлган квалификациялык талаптар, кадрлар резерви, квалификациялык деңгээлди жогорулатуу курстары да иштеп жатат. Кызматкердин кесиптик даярдыгынын деңгээли, кесиптик тажрыйбасы, билими, жеке иштиктүү сапаты, жалпы интеллектуалдык көз карашы, демилгелүүлүгү, жоопкерчилиги, лидерлик сапаты, өздүк курам менен иштөө жөндөмдүүлүгү, эмоционалдык туруктуулугу, чечкиндүүлүгү жана милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон жигердүүлүгү, ошондой эле моралдык сапаттар, чынчылдык, калыстык, жооптуулук, жардамга келүүгө даярдыгы жогору экендиги эске алынат. Ошону менен бирге ишти пландаштыруу, уюштуруу, тапшыруу, башталган ишти аягына чыгаруу, тапшырылган иш үчүн жеке жоопкерчиликтин жогорку деңгээли сөзсүз эске алынат. Бул ар бир милиция кызматкерине коюлган талап, демек, жогоруда мен айткандарды эстерине сактап жана аны биле жүрүү керектигин да белгилеп кетейин.
- Сиздин беш генерал орун басарыңыз бар. Булар көп эмеспи? Мисалы, үчөө жетет беле?..
- Эми билесиз, бизде жумуш абдан көп, анүстүнө ар бир министрдин орун басарынын өзүнүн багыты, түйшүгү жана жоопкерчилиги бар. Ошол себептүү, менин оюмча, көп эмес, алардын ар биринин күнү-түнү иштегенге иши жетиштүү.
- Негизинен саясатка байланыштуу камоолор, алардын тергөө иштери ИИМ тарабынан өтүп жатканы коомчулукта талкууланып келет. Бул жагынан катачылыктар кеткен жокпу? Кандай баа бересиз?
- Ички иштер органдарынын баардык кызматтары жана ИИМдин тергөө кызматы иш процесттерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жогору коёт жана ар бир кылмыш ишин тергөөдө таза жана адилет алкакта жүргүзүү тапшырмалары коюлган.
- Акыркы жылдары Кыргызстанда адам укуктары, сөз эркиндиги басмырланып жатканына баа берилип, байма-бай сын-пикирлер айтылууда. Мындай кысымга ИИМ канчалык деңгээлде салым кошуп атты экен?..
- Ички иштер министрлиги адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлайт жана урматтайт. Ошол эле убакта ал баардык иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын коомдук тартипти камсыз кылуудагы, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мыйзамдарынын талаптарын толугу менен аткарууга милдеттүү. Эгерде ким гана болбосун мыйзамдардын талаптарын бузган болсо, анда ага карата мыйзам чегинде гана чаралар көрүлө тургандыгын белгилейм. Ички иштер министрлиги эч кандай саясатка аралашпайт, бирок саясат айдыңында жүргөндөрдүн ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир укук бузуулар байкала турган болсо, анда биз аларга юридикалык баа берүүгө тийишпиз.
- Министрлик кызматтан кеткениңизди кандайча элестетесиз? Ушул боюнча токтоло кетсеңиз...
- Баардыгына мезгил тараза болот да, мындай сурооңуздун жообун алдын ала айтуу менин кызматтык ишмердүүлүгүмө туура келбейт деген ойдомун!
Маектешкен: Асланбек Сартбаев
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн