Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Улан Ниязбеков: "Татыктуу реформа жүргүзүп, тарыхта из калтыргым келет"

16.02.2022 20:04
558
Улан Ниязбеков: "Татыктуу реформа жүргүзүп, тарыхта из калтыргым келет"


"Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дегендей, бала төрөлгөндөн баштап эле анын келечектеги тагдыры дагы калыптанып калат окшойт. Бала кезинен бери бир мүнөз, ар бир ишти дыкаттык менен ойлонуп жасаган зирек бала учурда Ички иштер министрлигин жетектеп, кыргыз милициясынын тарыхындагы реформачыл, жаңычыл көз караш менен иш жүргүзө билген башчы, учурда милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен маектешип, туулуп-өскөн жери, бала чагы, ички иштер министрлигинде жасалып жаткан иштер жөнүндө маектештик.


- Саламатсызбы, "Туулган жердин топурагы алтын дегендей" маегибизди сиздин туулган жериңизден баштасак. Кайсы жакта төрөлүп-өстүңүз эле?


- Саламатчылык! Мен Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулуп, Кызыл-Адыр айылында чоңойгом. Ошол жерде окудум, билим алдым, ошол жерде чоңойдум. Ооба, туулган жердин топурагы - алтын, эли -мазар деген чын. Туулган жердин ташы - алтын, суусу - дары экен. Туулган жердин кадырын алыста жүрсөң билесиң демекчи, мен да туулган жериме тез-тезден барып тургум, ошол аруу сезимдерге арбалган балалык күндөрүмө кайрылып баргым келет. Бирок, убакыт-саатымдын өтө тар экендигине байланыштуу сейрек гана каттап калдым, кээде жылдап деле бара албай калган учурларым кездешет.

- Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз? Алар эмне менен алектенишет? Өзүңүздү ата-энеңиздин кимисине окшошмун деп эсептейсиз? Алардан кайсы сапаттарын тарттым деп ойлойсуз?

- Ата-энем менин байлыгым, багытым жана бийиктигим! Алар менин эң ыйыгым жана сыймыгым! Атам Союз убагында айдоочулук кызматта иштеди, кийин эгемендик жылдарында дыйкан чарбалары түзүлгөндө, дыйканчылыкка байланыштуу ишкердик менен алектенип жүрдү, апам медайым болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Мен атамды, апамды да тартканмын, экөөнө тең окшошмун. Менин эң мыкты сапаттарым атам менен энемдин мага берген тарбиясынан, таалиминен калыптанып, ошондон улам көптөгөн ийгиликтерге жетиштим деп ойлойм. Ата-энемдин кайталангыс калыс тарбиясы, улуу турмушка көрсөткөн багыттары менин жашоодогу ийгиликтеримдин башаты деп эсептеймин.


- Канча бир туугансыз? Алар эмне менен алектенишет?


- Эки бир тууганбыз. Карындашым бар, ал дагы укук коргоо органдарынын биринде кызмат кылат.


- Мектепте окуп жүргөндө кандай окуучу элеңиз? Сабакты кандай окудуңуз? Тентек белеңиз же жоош балдардын катарын толуктайт белеңиз? Окуучулук курактан бир окуя айтып берсеңиз.


- Мектепте эл катары окудум. Чынын айтайын, тентек элем, бирок жакшы окучумун. Кичине эс тарта баштаганда досум экөөбүз анын атасы жокто "Жигулисин" айдап чыгып, ары бери айдап, бирок эч кандай жол кыймылынын эрежесин бузбай, зыңкыйтып кайра ордуна коюп койчубуз. Анан бизде милицияда Абай Асанкулович деген иштөөчү, кийин Абай Кожокулов ИИМдин Башкы Штабын жетектеп ардактуу эс алууга кеткен. Анын ошол кезде милициянын мотоцикли бар эле, өңү сары, люлкасы бар эле, бирок аны айдачу беле, же айдабай эле жүрчү беле, эсимде жок. Чаткалбай деген кишинин короосуна токтотуп кетчү. Бала кез, шок кез демекчи ошол мотоциклди да айдап чыгып, ары-бери минип, бирок эч нерсесин бузбай кайра ордуна коюп зыр деген бойдон зуулдап кетип калчубуз. Эми айта берсе окуучулук, балалык кезде ар кандай тентектик кылган учурлар болгон. Ал кезде өзүм тентектик кыла коюп жүрсөм, эми минтип ошол сыяктуу тентектерди тартипке чакырып жүрөм.


- Милиция тармагына кантип келип калдыңыз эле? Бул кесип эмнеси менен жагат?


- Өлкөдөгү коомдук-саясий абал дагы коомдук коопсуздуктун жана кылмыштуулук менен күрөшүүнүн абалынан көз каранды. Билинбегени менен милиция кызматкерлерин азыркы замандын баатырлары, бейпилдиктин сакчылары десек болчудай. Ошондуктан, форма кийип, погон тагынып, калктын коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүү бул зор бакыт жана чоң сыймык десем жаңылышпайм.

Өспүрүм кезден бери формачан адамдар менин кызыгуумду арттырып, суктана берчү элем. Орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз улуттук университетинин юрист адистигине тапшырып, аяктадым. Укук коргоо органдарында иштедим. 1998-2008-жылдары Салык полициясында кызмат өтөдүм. Кылмыштуулук менен күрөшүп, коомдук тартипти камсыздоо милдети мага дагы буйруп, 2008-жылдан тартып ички иштер органдарында кызмат өтөй баштагам. Баткен облустук ИИБнын коомдук коопсуздук бөлүмүндө жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында иштедим. 2010-жылы министрдин жардамчысы болуп дайындалгам, 2011-жылы ИИМдин Финансы-чарба башкармалыгынын жетекчиси, кийинчерээк ИИМдин 7-башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштедим. 2020-жылдын октябрь айынан азыркы учурга чейин Ички иштер министри болуп кызматымды өтөп келүүдөмүн.

Учурдагы менин максатым, ички иштер органдарындагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, милицияда татыктуу реформаны жүргүзүп, тарыхка из сала алабыз деген ишеничтемин. Алдыда дагы бул тармакта жасай турган пландарым көп.


- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Жубайыңыз менен кантип таанышып, кантип бирге түтүн булатып калдыңыз эле? Ортоңордо канча бала бар? Алар эмне менен алектенет?


- Жубайымдын кесиби экономист, салык кызматында иштөөчү. Учурда беш балабыз бар, ошол балдарды карап, тарбиялап жубайым үйдө. Экөөбүз эл катары эле таанышып, жүрөктөр жүрөктү тандап дегендей сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз.


- Жубайыңыз сиздин кесибиңизге кандай карайт? Жумушка байланыштуу үйгө кеч келгенде же келбей калганда түшүнбөстүктөр болбойбу?


- Жубайым менин кесибимди, ишимди жана түйшүгүмдү туура түшүнөт. Эрте кетип, кеч келем, иш сапарларда жүрүп калам. Мени ар тараптан колдоп турат.


- 2015-жылы депутаттыкка ат салышкан экенсиз. Эмне үчүн депутат болгуңуз келди эле?


- 2015-жылдары мен бош болчумун. Ошол күндөрү партиялык тизме менен шайлоого катышуумду, мамлекеттик-саясий кызматтарда күчүмдү сынап көрүүмдү суранган досторум болду. Бардым, катыштым, жакшы добуш алып бердим, бирок партиялык тизме боюнча мен арт жагында болгондуктан депутаттыкка барганым жок. Тизме боюнча мага мандат жеткен жок.


- VB.KG редакциясы окурмандарынын арасында 2021-жылдын мыктыларын аныктоо боюнча онлайн-сурамжылоо жүргүзгөн. Анда сиз "Жылдын мыкты министри" номинациясы боюнча 20 миңдей добуш алып, биринчи орунга чыктыңыз. Жумушта ийгилик жаратуунун сыры эмнеде деп ойлойсуз? Сиз жетектеген министрликте өткөн жылы кандай жетишкендиктер болду? Кандай жаңычылыктар кирди?


- Биринчиден, сиздерге рахмат! Мыкты министрлерди аныктоо боюнча жүргүзгөн сурамжылоо уюштуруп эмгек кылдыңыздар. 20 миң добушун берген бардык замандаштарыма терең ыраазычылык билдиремин. Бул ийгиликтин сыры –тынымсыз жүргүзүлгөн ишмердиктин натыйжасы деп эсептеймин. Алсак, Ички иштер министрлиги тарабынан элдин коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү сапаттуу деңгээлде жүргүзүү багытында жана жарандардын тынч, бейпил жашоосуна шарт түзүү, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу багытында өз ишмердүүлүгүн тынымсыз жүргүзүп келди.

Жыл ичинде бир нече багыттарда ийгиликтерди жарата алдык:

* "Милициянын көчмө кабылдамаларынын" ишмердүүлүгүн күчөттүк, учурда республиканын аймагында 50 милициянын көчмө кабылдама унаасы иш алып барып жатышат. Өткөн жыл ичинде республика боюнча милициянын көчмө кабылдамалары жалпы 6627 ирет эл арасында иш алып барган жана 25 миң 69 атуул кабыл алынып, 6673 арыз жана кайрылуулар боюнча мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынды. Анын алты жүздөн ашыгы коопсуздук маселеси боюнча, ал эми калгандары социалдык маселе болгондуктан башка мамлекеттик органдарга маселени ыкчам чечүүгө көмөктөшүп келүүдө.

* Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан элге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана сервистик тейлөөнү жакшыртуу максатында республиканын аймагы 2435 жаңы административдик аймакка бөлүнүп, аларга жалпы 2349 милициянын участкалык уполномоченныйлары жана балдар менен иштөө инспекторлору бекитилип, бүгүнкү күндө жемиштүү иш алышып барышууда.

* Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн сапатын жогорулатуу, жарандардын чакырууларына ыкчам чыгып, жардамга муктаж болгон бардык тараптарга тез арада жардамдарды көрсөтүү максатында Ички иштер министрлиги бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен областтык жана райондук ички иштер органдарына жалпы 6 даана жаңы заманбап автоунааларды таратып бердик.

* Туристтик жана экологиялык милиция түзүлдү. Коомдук тартипти сактоо багытында күжүрмөн ишмердикти камсыз кылуу максаты менен заманбап 41 даана электроскутерлер менен камсыздалды. Тактап айтканда, Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы, Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү, Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмү жана Жалал-Абад облустук Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү электромобиль менен камсыздалган. Албетте, бул жетишсиз, бирок келечекте бул багытта тиешелүү деңгээлде иш жүргүзүүнү ички иштер министрлиги толугу менен колуна алат.

* Ички иштер министрлиги "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жарандарды заманбап форматта тейлеген борборду ишке киргизген. ИИМден ар кандай тактамаларды жана уруксат берүүчү кагаздарды жеңилдетилген түрдө алууну көздөйт. Бул борборлор Кыргызстандын аймагында соттолгондугу жоктугу жөнүндө тактамаларды, апостилдерди, коркунучтуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксаат кагаздарын жана башка тактамаларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келет. Учурда республика аймагында облустардын жана райондордун борборлорунда 38 бирдиктүү терезе иштеп жатат. Жыл ичинде ичинде бирдиктүү терезе республика аймагы боюнча жалпы жонунан 261.178 маалымкаттар жарандарга тез арада берилген. Алдыда бардык райондорго "Бирдиктүү терезе" режиминде иштеген борборлорду ачуу боюнча иштер колго алынууда.

* Санариптештирүү айылдан - районго, райондон - облуска, облустан-республиканы көздөй багыт алыш керек. Коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде элдин социалдык турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, тоноочулук, алдамчылык, каракчылык сыяктуу кылмыштарга бөгөт коюп, коомго жат көрүнгөн ар түрдүү окуялардын алдын алуу, коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн ошондой эле ички иштер органдарын "Санариптештирүү" багытындагы ишмердигин чыңдоо боюнча республиканын аймагында жалпы 230 видео-камералар коомдук жайларга, мал базарларга жана кооптуу делген аймактарга орнотулуп, ишке киргизилди.

* Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында биринчи этапта иштеп жаткан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарындагы 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстер тарабынан 2019-жылдын март айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы боюнча 2 миллион 965 миң 553 токтом чыгарылып, мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 248 миллион 536 миң 270 сом түшсө, 2021- жылдын 12 айында 874 миң 536 токтом чыгарылып, мамлекеттик бюджетке 860 миллион 214 миң 215 сом түшкөн. Учурда "Коопсуз шаардын" экинчи этабын ишке ашыруу максатында республика боюнча 306 аппараттык программалык комплекс, анын ичинен 266сы стационардык жана 40 көчмө аппараттык-программалык комплекстердин жайларын аныктоо, тактоо жана орнотуу иш-чаралары жүрүүдө.

* Жыл бою ички иштер органдарынан колу таза эмес кызматкерлерден арылуу процесси жүргүзүлүп келүүдө. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан милициянын кадыр-баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерге карата тазалоо жүргүзүү күчтөндүрүлүп келүүдө. Башкача айтканда, укук тартибин бузган кызматкерлерди, өзүбүз кармап, жоопко тартып жатабыз. ИИМ өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт. Коррупцияга каршы ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчилике сөзсүз түрдө тартылат. Бул болсо ИИМдин принципиалдуу көз карашы болуп эсептелет. Алсак, өткөн жылы пара алуунун 26 факты аныкталып, анда 30 кызматкер шектелүүдө. Былтыркыга салыштырмалуу 10 фактыга өскөндүгүнүн себеби, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди өзүбүз аныктап, тазалануу иштерин жүргүзүп жатабыз.

Эми алдыда беш негизги приоритеттүү багытта иш жүргүзүүнү толугу менен колго алууга бел байлап турган кезибиз. Алар:

1. Профилактикалык иштерди күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү, анын ичинде заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу;

2. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, жарандардын ден соолугуна, социалдык абалына терс таасирин тийгизген кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюп, коопсуз мамлекет деңгээлине жетүү;

3. Кылмыштарды, жоруктарды сапаттуу жана акыйкат тергөө менен калыс чечим кабыл алуу. Жарандардын арыз-муңдары боюнча талабын канааттандырып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу;

4. Элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүү, берген антына бекем турган адеп-ахлактык абалы жогору кадрларды даярдоо, иште ийгиликтерди жаратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоо, эскиден арылып, жаңы баскычтар менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча жаңы ишмердүүлүктү ишке ашыруу иш-чаралары министрликтин тескемесинин негизинде бекитилип ишке ашырыла баштады;

5. Кыргыз Республикасынын аймагы тоолуу регион болуп эсептелгенине байланыштуу өлкөбүздө жалпы ташуулардын дээрлик 80 пайыздан ашыгы автомобиль жолдору аркылуу болуп жаткандыгынын негизинде автоунаа жолдордогу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаал бир нече жылдан бери олуттуу тынчсызданууну жаратып келет.

Ал эми, 2021- жылдын 12 айында өлкөбүздүн жолдорунда 7437 жол унаа кырсыгы катталып, натыйжасында 868 адам каза болду, ал эми 11 миң 369 адам ар кандай оор жаракаттарды алышкан.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров министрлер кабинетинин атайын чогулушунда жол кырсыктарынын өскөндүгүнүн себептерин кескин сынга алуу менен аны жөнгө салууну жана көзмөлдөөнү ички иштер министрлиги менен бирге бардык мамлекеттик органдарга тапшырды. Мамлекеттик деңгээлде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү учурда урматтуу президентибиздин 2021-жылдын 7-декабрында № 548 сандуу "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы чыгарылып, анда Унаа мамлекеттик мекемесин, Жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө функциясын жана айдоочуларды окутуп, даярдоо лицензиясын Ички иштер министрлигине өткөрүп алуу алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун бир пакет менен сунуштоодо. Тактап айтканда өзгөртүүлөр жана толуктоолор өлкөбүздүн автоунаа жолдорундагы жол кырсыктарын азайтуу боюнча мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү көзөмөл жүргүзүүгө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Алдыга коюлган максаттуу беш багыттарды аткаруу боюнча Ички иштер министрлигинин алдында олуттуу заманбап аткара турган иштер турат. Элдин коопсуз жашоосун камсыздап, коомго ар түрдүү коркунучтарды жараткан бардык учурларга, заманбап чакырыктарга татыктуу туруштук берип, элдин коопсуздугун камсыздоону ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Анын негизги максаты – коомдук тартипти, жол кыймылынын эрежелерин бузууларды, кылмыштуулукту, зомбулуктарды, жаш балдарга, өспүрүмдөргө карата кылмыштарды жана элге жат көрүнгөн бардык окуяларды алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди күчтөндүрүү приоритеттүү багыт деп эсептелет.


- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!


Булак: vb.kg

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн