Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:44
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри менен жолугушту

19.08.2022 18:58
490
Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри менен жолугушту



Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри генерал-лейтенант Пулат Бобожонов менен жолугушту. Бул тууралсында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөнүн криминалдык чакырыктарын, атап айтканда маалыматтык чөйрөдөгү кылмыштуулукту, терроризмди жана экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнү жана адамдарды сатууну эске алуу менен өз ара аракеттенүүнү андан ары кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.


Мындан тышкары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле региондук коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо маселелери талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволордун ортосунда узак мөөнөттүү келечекте өз ара аракеттенүү чараларын караган кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн