Премьер-министр Улукбек Марипов 2002-жылкы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан 2002-жылкы Аксы окуясында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Гүл коюу аземине ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Жеңишбек Асанкулов катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн