Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолугушту.
Дипломат социалдык тармактагы жеке баракчасына жазгандай, жолугушууда ал сауд тарапка 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуялар, ошондой эле Тажикстандын Кыргызстанга карата пландалган аскерлештирилген агрессия актысы тууралуу кеңири маалымат берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн