Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:55
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улукбек Марипов ажылыкка барган кыргызстандыктар менен жолугушту

06.07.2022 11:03
381
Улукбек Марипов ажылыкка барган кыргызстандыктар менен жолугушту


Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов ажылык милдетин өтөө үчүн ыйык Мекке шаарына барган кыргызстандык ажылар менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери катышты.

"Сиздерди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Ажылык ибатыңыздарды Алла Таала кабыл кылып, мекенибизге аман-эсен жетип алыңыздар. Ыйык жайлардан мамлекетибиз, элибиз үчүн дагы дуба кылыңыдар" , - деди Улукбек Марипов.

Ал эми мекендештер кабар алып келгендиги үчүн элчиге өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн