Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

21.03.2021 12:28
811
Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Төмөндө Улукбек Мариповдун куттуктоосу:


"Урматтуу мекендештер!


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды күн менен түн теңелген учурга туш келген Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Нооруз майрамы менен жаратылыш жаңырып, жаратмандык сезими күч алат. Ар-бирибиз кыштын аякташын чыдамсыздык менен күтүп, күн нурлары мээримин төгүп, жаратылыш көркүнө чыккан мезгилди кубаныч менен тосуп алабыз.


Алдыда бизди өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын бакубаттуулугун арттырууга багытталган маанилүү экономикалык өзгөрүүлөр күтүп турат.


Жалпы күч-аракетибиздин натыйжасында алдыга коюлган бардык максаттарга жетебиз деп ишенем!

Нооруз майрамы ар бир үйгө – кут-береке, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин.


Майрамыңыздар менен кымбаттуу мекендештер!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн