Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Улукбек Марипов: Өкмөт таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат

01.03.2021 18:20
736
Улукбек Марипов: Өкмөт таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.


«Биз республиканын ар бир жаранына өз эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайбыз. Тандоо бир гана элде», - деп баса белгиледи Улукбек Марипов. 


Жайындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, республикалык штабдын тең төрагасы Нуржан Шайлдабекованын маалымат берди. 


Анын айтымында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 420 айылдык кеңеште жана Кыргыз Республикасынын 28 шаарында өтөт.


Нуржан Шайлдабекова кошумчалагандай, биринчи жолу гендердик теңчилик боюнча мандаттарды карап чыгуу принциби сакталат.


Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында шайлоо участкаларындагы коопсуздукту камсыз кылуу жана эпидемиологиялык чараларды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгына токтолду.


Премьер-министр бардык шайлоо тилкелерин добуштарды эсептөө үчүн үкөктөрдү, алыскы райондорду интернет байланышы менен камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
таа
таза откон емес и таза отпойт шайлоо.