Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:03
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Улуттук банк валюта рыногунан 62,5 млн доллар сатып алды

20.06.2024 10:38
1019
Улуттук банк валюта рыногунан 62,5 млн доллар сатып алды


Күн мурунКыргызстандын Улуттук банкы 62 млн 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө валюталык интервенция жасады.

Улуттук банк ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 10-ирет чет элдик валютаны сатып алуу менен тескери интервенция жүргүзүүдө.

Учурда доллардын расмий курсу 1 доллар – 87,30 сом, евро – 93,76 сом.

Эске сала кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-июнда – 40,7 млн доллар, 4-июнда - 16 млн 900 миң доллар, 21-майда – 31,5 млн доллар, 7-майда - 17,7 млн доллар, 26-апрелде - 24,5 млн доллар, 22-апрелде - 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар, 27-мартта — 9 млн доллар сатып алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн