Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 97,5 миллиард сомго бааланды

22.09.2023 09:26
651
Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 97,5 миллиард сомго бааланды


Август айынын акырына карата Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 97 миллиард 503,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.


Бир айда бул көрсөткүч 3 миллиард 357,5 миллион сомго өскөн. Өткөн жылы сегиз айдын жыйынтыгы боюнча алтындагы активдердин деңгээли эки эсеге көп болгон.


Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын монетардык эмес алтын жана алтын запасы 159 миллиард 308 миллион сомго бааланган. Ай ичинде алар 162,2 миллион сомго көбөйгөн. 2022-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 46,5 миллиард сомго көбөйгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн