Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев ээлеген кызматынан бошотулду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, чечим «КР министрлер кабинети жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.
Тийиштүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн