Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:07
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Улуттук кураманын эң кымбат оюнчусу ким?

26.05.2023 15:50
731
Улуттук кураманын эң кымбат оюнчусу ким?

Май айынын ортосунда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучулар штабы кеңейтилген курамды тааныштырган.


Авторитеттүү Tranfermarkt порталы өз сайтында Кыргызстандын курама командасы боюнча маалыматтарды жаңыртып, оюнчулардын жаңыланган “бааларын” сунуштады.


Германиялык басылманын талдоочулары улуттук кураманын кеңейтилген курамын 8,3 млн еврого баалашты.


Ошентип, эң кымбат оюнчу улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин (750 миң евро) болду. Экинчи орунда алматылык “Кайраттын” экс-оюнчусу Гүлжигит Алыкулов (600 миң евро) турат. Эң кымбат "акшумкарчы" үчилтигине түркиялык "Галатасарайдын" (U-19) чабуулчусу Бекназ Алмазбеков кирди.


Бул курамда команда жаңы машыктыруучу Стефан Тарковичтин жетекчилиги астында 1-июндан 9-июнга чейин Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Андан соң башкы машыктыруучу акыркы курамды жарыялайт жана команда Борбордук Азиядагы биринчи турнирдин – CAFA Nations Cup 2023тун тайпалык баскычында Иран жана Афганистандын курама командалары менен бе

ттешет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн