Футбол боюнча Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин Россиянын "Енисей" командасы менен бир жылдык келишимге кол койду. Бул тууралуу клуб билдирүү таркатты.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы коргоочу "Енисей" менен 1 жылдык келишимге кол койгон.
Валерий Кичин буга чейин Красноярск шаарынын командасында 2016-2019-жылдары ойноп 86 беттеште өткөрүп, 6 гол жараткан. 2019-жылдагы сезондун жыйынтыгы боюнча аны "Енисейдин" күйөрмандары команданын мыкты оюнчусу деп табышкан.
Кыргызстандык футболчу 2020-жылдын башында Москванын "Торпедо" командасынын катарына кошулган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн