Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:11
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улуттук онкология борборунда 30 койкалуу жаңыланган маммология бөлүмү ачылды

17.11.2023 11:31
371
Улуттук онкология борборунда 30 койкалуу жаңыланган маммология бөлүмү ачылды


Улуттук онкология жана гематология борборунда маммология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмчек рагы менен ооруган аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Улуттук онкология жана гематология борборунда 30 койкалуу жаңыланган маммология бөлүмү ачылды.

Бул хирургиялык бөлүмдөгү аялдар бөлмөлөрүндө бейтаптардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн бардык зарыл шарттар бар, ар бир бөлмөдө жуунучу бөлмөлөр, жекече кам көрүү жана операциядан кийин аялдар үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бул бөлүм бейтаптарды психологиялык жактан колдоого да көңүл бурат. Дарыгерлер жана медайымдар бул оор мезгилде ар бир аял өзүн маанилүү жана колдоого алынганын сезишине ынанышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн