Теке 27, 2024
Убакыт: 09:18
USD
EUR
RUB

Унаа алып, акчасын бербей жүргөн. Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

15.05.2024 11:08
161
Унаа алып, акчасын бербей жүргөн. Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды


Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, алдамчы Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 35 жаштагы тургунун алдап кеткен. Шектүү андан 2023-жылдын май айында 140 миң сомго «Опел-Астра» үлгүсүндөгү унаа сатып алып, бирок акчаны үч айдын ичинде берүүнү убада кылган. Бирок ал убадасын аткарган эмес.


Аталган факты боюнча 209-берене “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголду.


Издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 25 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү Бишкектен Баткенге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн