Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Унаа, үй, чөп. Өлкөдө бир суткада 21 өрт кырсыгы катталды

Унаа, үй, чөп. Өлкөдө бир суткада 21 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда дем алышта 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 бөлүм тартылган.


Алсак, Бишкектеги Лущихина көчөсүндө "Ниссан сефиро" үлгүсүндөгү жеңил авто унаанын салону күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.


Сокулук районунун Сокулук айылында турак үйдө жалпы 5 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Ысык-көл районунун Кароол-Дөбө айылында укороодо жыйылган 600 даана пресс түк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн