Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Унаалардын айнектерин караңгылатууга 1 жылга уруксат берилет

08.02.2022 16:48
859
Унаалардын айнектерин караңгылатууга 1 жылга уруксат берилет



Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев белгилегендей, мыйзам долбоору транспорт каражаттарынын ээлери үчүн унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган. Караңгылатууга уруксат 1 жылга берилет.


Талкууда депутат Алишер Эрбаев унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм механизмдерин тактоо керектигин белгиледи. Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков караңгылатууга уруксатты кайсы мамлекеттик орган берерине кызыкты. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жоопкерчилигин алаарын билдирди.


Өз кезегинде депутат Акбөкөн Таштанбеков: "Караңгылатууга уруксат берүүнүн жол-жобосу ачык болушу керек", - деп кошумчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн