Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:21
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Унаасы менен дайынсыз жоголгон Кайрат табылды

09.09.2020 12:17
1099
Унаасы менен дайынсыз жоголгон Кайрат табылды


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон Жумабек уулу  Кайратты табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, буга чейин 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайрат 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү  унаасын айдап чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги маалымдалган. 


5-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 8-сентябрь күнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшундө  Жумабек уулу  Кайраттын кайда жүргөндүгү аныкталган. 


Ал Бишкек шаарынын аймагында жүргөн. Азыркы учурда Жумабек уулу  Кайрат автоунаасы менен бирге жакындарына тапшырылды. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн