Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ушак-айыңдын деңгээлинен качан чыгабыз?

20.11.2020 12:14
701
Ушак-айыңдын деңгээлинен качан чыгабыз?

 

 

Деги эле акыркы бир топ жылдардан бери карай өлкөбүздүн маалымат айдыңын жалаң гана негатив маанай ээлеп алган сыяктуу. Мурдагы салттуу ММКларга кошумча интернет булактары, социалдык түйүндөр кошулгандан кийин такталбаган маалыматтарды таратуу, ушак-айың чыгаруу кадимкидей көрүнүш болуп калды. Кимдир-бирөөнү каралоо үчүн «Ушундай болгон экен», «ушинтип жатышат» деп эле ойдон чыгарылган ушактарды таратуу өнөкөт ооруга айланды.


Акыркы күндөрдө экс-президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан да илинчек издегиси келгендер чыкты. «Россия президенти В. Путин өзүнүн адамы Д. Козак аркылуу Сооронбай Жээнбековго бардык тараптан кырдаалды жөнгө салууга жана коопсуздукту камсыздоого колдоо көрсөтүүнү убадалаган. Бирок, Кремлдин адамы үйүнө жеткенге үлгүргөнчө эле, Жээнбеков отставкага кетип калды. Мындай сюрприздин себеби эмне? Жапаров менен Ташиевдин колунда кандай «козырь» бар эле? Жапаров акыркы жолугушуусунда Жээнбековго болгону өзүнүн телефонундагы өтө катуу компроматты көргөзгөн экен. Бул компроматты Жапаровго Раим-миллион бериптир. Дал ушул компромат Жээнбековду отставкага кетүүгө мажбур кылыптыр» деп жазып чыкты социалдык түйүндөгү баракчасына журналисттердин бири.


Эгерде ушундай «ой-толгоолорду» жазыш керек болсо, анда ошол журналисттин өзү тууралуу да жазууга болот. Мисалы, «Бул журналисттин өз баракчасына ушундай ушак-айың жазуусу үчүн баланча саясатчыдан түкүнчө суммадагы акча берген экен» деген сыяктуу. Биринчи маалымат менен экинчи маалымат окшош эле болуп жатабы?


Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков экс-президент. Ал өз бийлигин туура 3 жыл жүргүзүп, 5-6-октябрдагы болуп өткөн тополоңдун натыйжасында уланган акциялардын талабы менен отставкага өз каалоосу менен кетти. «Мен үчүн өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү - баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп-жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым», - деп билдирген ал өз кайрылуусунда.


Чындыгында эле ошол убакта абал курч болчу. Премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаровдун тарапташтары мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясына да кол салабыз деп ачык эле айтып турушкан. Мындай кырдаалда мамлекеттик күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери резиденцияны коргоо үчүн ок чыгарууга мажбур болмок. Натыйжада кан төгүлмөк. Бир топ жарандар өмүрү менен кош айтышмак. Ал эми С. Жээнбеков өз элине ок аткан президент катары тарыхта калгысы келбей турганын ачык айтып, бийликтен да элдин тынчтыгын, ынтымагын, амандыгын бийик көрдү. Анын өз каалоосу менен отставкага кетишинин негизги себеби дал ушул жагдай болду.


Андыктан эми түрдүү божомолдорду чыгарып, элдин башын айланта берүүнү токтотуу керек. Мунун өзү адамгерчиликке да, патриоттуулукка да жатпайт. Эгерде жаза турган болсок, анда далил менен, факты менен жазалы. «Садыр Жапаровдун колунда мына ушул документ болгон экен» деп документтин өзүн чыгаралы. Ошондо факты болот. Ал эми божомолдоп ойдон чыгаруу – бул мамлекеттин тынчтыгын бузууга гана багытталган иш-аракеттер катары кабылданат.


Бүгүнкү күндө өлкө абалы ансыз да оор. Мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиарддан ашканы белгилүү. Сооронбай Жээнбеков кетип, ордуна Садыр Жапаров келип, анан кайра ал ыйгарым укуктарын тапшырып, президенттик шайлоого аттанды. Кыска убакыт аралыгында өлкө башчысынын кызмат орду да, спикерлик кызмат орун да тез-тезден алмашты. Саясий кырдаал туруктуу эмес. Биз азыр улам артты карай бербей, саясий кырдаалды турукташтырууну, өлкө экономикасын өмгөктөгөн абалынан көтөрүүнү колго алышыбыз зарыл. Анын ордуна ушак-айың таратып отура берсек, иштей турган адамды да алагды кыла берерибиз бышык.


Сагынбек Сатыкеев



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн