Кулжа 21, 2024
Убакыт: 22:54
USD
86.70
87.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.940
1.020

Усубалиев менен Айтматовдун өз ара байланыштар баяны

06.06.2024 12:16
580
Усубалиев менен Айтматовдун өз ара байланыштар баяны


Бир беткей өнүккөн таланттуу адамга талаптагыдай жашоо жана эмгектенүү шарты түзүлбөсө, анын жаратылышы өзүнө гана жашыруун энчилеген касиети кармалбай, ачылбай кетиши абзел. Талант деген күнүгө, айына, керек болсо көптөгөн мезгилдерде барып жаралып, анан кирген дарыядай ташкындап-төгүлүп, кайра басаңдап, бөксөрүп турушу мыйзам чегиндеги көрүнүш. 


1958-жылы достук байланышы бар Кыргызстандын делегациясы Кронштаддын моряктарынын жетекчилигинин чакыруусунда аларга мейманга барышат. Делегацияны Кыргыз ССР Жогорку Советинин председатели, Фрунзе шаарынын биринчи секретары Турдакун Усубалиев жетектеп барат жана алардын курамында Чыңгыз Айтматов, СССРдин эл бийчиси аталып, дүйнөлүк искусстводо даңкы чыгып турган Бүбүсара Бейшеналиева, өндүрүштүн алдыңкылары, илим, агартуунун көрүнүктүү адамдары болгон. Бир жуманын ичинде моряктар, офицердик курам жана шаардын калкы менен көп сандаган жолугушууларда кыргыз интеллигенттеринин билимдик деңгээлине, маданиятына жана адамдык жылуу мамилелерине ыраазы болушат. 


Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовдун алгачкы байланышы Кыргызстан Компартиясынын идеологиялык бөлүмүн жетектеп тургандан башталат. Турдакун Усубалиевдин сунушу боюнча орус тилиндеги “Литературный Киргизстан” журналынын редакторлугуна Айтматов редактор болуп бекийт. Ага чейин Айтматовдун гезит-журналдарга басылып чыгып аткан аңгемелерин, очерктерин окуп жүргөн. Ошол тарыхый учурдан баштап, алардын биргелешкен байланыштары кийин Турдакун Усубалиевич чейрек кылым республиканы жетектеген мезгилинде дагы ырааттуу улантылат. 


Ар бир адамдын тагдырында чечүүчү моменттери болот дегендей, Айтматовдун “Правда” гезитинде иштегендиги, ошондой урунттуу мезгилдин даанасы болгон. 


Усубалиев КПСС БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүндө иштеп турганда бөлүмдү Павел Алексеевич Сатюков жетектеп, экөөнүн эчактан берки ынтымактык жайы уланып келе жаткан. Ал киши аппаратындагы кызматкерлерине жылуу мамиле жасап, партиялык иштерде тажрыйбасын берип, чыңалуусуна көмөк көрсөтүп, экинчи жагынан бүтүргөн иштеринин натыйжалуулугуна талап коюусу жогорку деңгээлде болгон. “Правдадан” мурда КПСС БКнын органына караштуу “Культура и жизнь” гезитинин редактору болуп, өлкөдөгү журналисттердин арасында кадыр-баркы жогору эле. 


Турдакун Усубалиев Кыргызстанга которулуп келгенден кийин деле чыгаан саясатчыл, партиялык дасыккан кадр менен байланышын үзбөгөн. П.А.Сатюков “Правда” гезитинин атайын кабарчыларына жалаң орус улутундагы борбордо жашаган кызматчылардан эмес, республиканын, автономдуу облустардын жана крайлардын жаратылыш шартын, ошол элдин салтын, тилин, маданиятын терең түшүнгөндөрдөн редакцияга топтоого аракеттенип жүргөн кезинде Турдакун Усубалиевге телефон чалып, “орус тилин жакшы билген кыргыздардан деле жетилип калгандары бардыр, сунушуңуз болсо мага билдириңиз” деген суроону коёт. 


П.А.Сатюковдун бул сунушуна Т.Усубалиев ырахматын айтып, сөзүн андан ары улап, “өлкөнүн башкы гезити “Правдада” кабарчы болуп кыргыз иштесе, жергиликтүүлөрдүн ичинен чыккан биринчи кабарчы болуп калмакчы. Андай даяр адам бизде бар, ал Чыңгыз Айтматов. Аны сиз жакшы билесиз, чыгармаларын орус жана кыргыз тилинде жазат. Ал “Правда” гезитинде бир топ жыл иштеп калса, таланты дагы такшалып, жазуучулук калеми курчуп, жаратылыш тартуулаган таланты ташкындамак. Павел Алексеевич, сиздин кандидатураңыз көңүлгө алууга арзыйт, редколлегия мүчөлөрү менен акылдашып көрөйүн, алар кубаттаса Айтматовду маектешүү жөнүндө сизге кабарлайбыз” дейт. 


Айтматовду кабинетине чакырып, Сатюков менен болгон аңгемелешүүнү айтса, Чыңгыз көп көңүлдөнбөй, ар кайсы себептердин башын айта баштайт. “Чыңгыз Төрөкулович, биз сиз менен республиканын кызыкчылыгы үчүн жалпы бир жакшы ишти жасайбыз. Сатюков экөөбүз “Правдада” иштөө сиздин мындан аркы чыгармачылык эргүүңүзгө зор мектеп болуп калат деп эсептейбиз. “Правда” менен кызматташкан адамдарды сиз менден жакшы билесиз. Көптөгөн көрүнүктүү жазуучулар өз убагында “Правдада” иштеп тарбияланышкан. Аларды четинен санасак: Михаил Шолохов, Илья Эренбург, Константин Симонов жана башка атактуу жазуучуларды кошсо болот” дейт. 


Көп убакыт өтпөй, Чыңгыз телефон чалып, “Правдада” бир топ жыл иштеп берүү тууралуу макулдугун айтат. Чыңгыз Айтматовду “Правда” гезитинин Кыргыз ССРи боюнча кабарчысы болуп бекиткен КПСС БКнын секретариатынын токтому чыгат. 


Айтматов “Правда” гезитинде бир топ жыл активдүү жана жемиштүү иштейт. Гезиттин беттеринде анын кызыктуу аңгемелери, очерктери, республикадагы көйгөйлүү маселелер, күчтүү сын макалалары жарыяланып турган. Анын “Кызыл алма” деген аңгемеси алгачкы жолу өзү иштеген гезитте жарык көргөн. 


Айтматовдун “Правда” гезитинде жемиштүү иштеп калганына ыраазы болгон Усубалиев эскерүүлөрүндө: “Айтматовду “Правданын” кабарчылыгына сунуштаганым, мен көзү ачыктай эле болгон экенмин. “Правдада” иштөө анын чыгармачылык деңгээлинин жогорулашына зор таасирин тийгизди. “Правда” Айтматовдун зор жазуучулук талантын ачты, өнүктүрдү. Анын чыгармалары Батыш менен Чыгыш өлкөлөрүндө дагы кеңири таанылды. Бир сөз менен айтканда, бүгүн Чыңгыз Айтматов бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучу болсо, буга өлкөнүн башкы гезити “Правда” түрткү бергендиги талашсыз. Анткени ал бүткүл окурмандар дүйнөсүнө таанымал гезит эле”. 


Өткөн кылымдын 60-жылдарынын ортосунда кыргыз жазуучуларынын чыгармалары боюнча кинофильмдер тартыла баштап, республикадагы кинематография иштери начар абалда турган. Анүстүнө Бүткүл союздук кинематография жана башка кино искусствосу боюнча окуу жайларын аяктаган таланттуу жаштарыбыз жана фильмге тартылууга даяр турган актёрлорубуз тоо дарыясындай толкуп-ташып турган мезгил эле. Эң башкысы, аларды жетектөөчү “командирдин” жоктугу кедерги болгон. Мындай татаал маселени чечүүдө Турдакун Усубалиев көпкө ойлонот, акыры Айтматовко токтойт. Аны менен аңгемелешип, кыргыз кинематографиясынын абалы, келечеги, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүңү жана кыргыз кадрларын даярдоо тууралуу кенен-кесир сөз жүрөт. Акырында “ЧыңгызТөрөкулович, сиз кинематография союзун жетектесеңиз ылайыктуу болгону турат. Кино искусствосун сизден артык түшүнгөң адам республикада жок. Маданият ишмерлеринин арасында аброюңуз жогору. Бизде, Кыргызстандын накта кино искусствосун өнүктүрүү милдети аркалап калды. Аталган союзга жардам берүү Кыргызстан КП БКнын жана Министрлер Совети тарабынан толук колдоо болорун эсептей бериңиз” дейт. 


Муну уккан Айтматов “эгер ишеним көрсөтүлсө, өзгөчө жаңы жана оор жүктү көтөрүүгө даярмын” деп жооптойт. Борбордук Комитеттин бюросунда аталган маселе талкууланып, Ч.Айтматовду кинематографисттер союзунун биринчи секретарлыгына көрсөтүлгөн сунуш бир добуштан колдоо табат. Кыргыз кинематография съездинде Айтматов бир добуштан анын жетекчилигине шайланат. Чыңгыз Айтматов 21 жыл үзгүлтүксүз Кыргызстан кинематография союзун ийгиликтүү башкарып, уюм улам жогорку союздук деңгээлге көтөрүлө берет. 


1976-жылдын январь айында өткөн Кыргызстан Компартиясынын XVI съездинде Чыңгыз Айтматовго алгачкылардан сөз берилип, республикалык партиялык уюмдун ишине тийешелүү баасын жыйынтыктай келип, “кыргыз адабиятынын жана коомдук маалыматтуулуктун өнүгүш учурдагы маселелерин кароодо кыргыз тилин республиканын мектептеринде окутууну жакшыртуунун чаралары жөнүндө жакында кабыл алынган Кыргызстан КП БКнын чечимдерин биз чын жүрөктөн кубаттайбыз. Бул тарыхый жаңы этапта өз учурундагы жана даанышмандык менен болгон камкордук, маданияттын жандуу өнүгүп келе жаткан проблемаларына чыныгы партиялык мамиле” деп тил маселесине да токтолуп, “апрель айында борборубуз Фрунзе шаарында социалисттик өлкөлөрдүн кино ишмерлеринин катышуусунда XIX Бүткүл союздук кинофестивалы өтөт. Бул биз үчүн ардактуу иш жана сыймык. Биздин өнүккөн маданиятыбызды урматтоонун белгиси. Бизге 400дөн ашык кино ишмерлери, коноктор, журналисттер келишет. Сегиз күндүн ичинде жүздөн ашык фильм көрсөтүлүп, шаарыбыз советтик кино искусствосунун борбору болуп калышы керек. Мен ачык айтсам, Турдакун Усубалиевич, сиз тараптан камкордук болмоюнча, биз кыйын абалда кыйналып калышыбыз мүмкүн. Майрам күндөрүндө жана сыноодон өтүп жатканда бизди колдоп коюуңузду сизден көптөн-көп өтүнөбүз” дейт. 


Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Айтматовдун өтүнүчүн ар тараптан колдоп, Бүткүл союздук XIX фестивалы жогорку деңгээлде өткөндүгү тууралуу республикалык жана союздук массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылган. Борбордук Комитетке СССР кинематография боюнча мамлекеттик комитеттин председатели Ф.Т.Ермаш төмөңдөгү ыраазылык катын жиберген: 


“Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т.У.Усубалиевге!

Терең урматтуу Турдакун Усубалиевич! 

Фрунзе шаарында үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде КПССтин 25 съездинин тарыхый чечимдеринин негизинде XIX Бүткүл союздук кинофестивалы өзүнүн ишин аяктады. Фестивалдын жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарында жана кеңири коомчулук тарабынан жогорку баасын алган Советтик Кыргызстандын борборунда өткөн кинематографисттердин форуму советтик көп улуттуу кино искусствосунун чыныгы майрамы, өлкөнүн маданий турмушунда маанилүү окуя болгонун далилдөөгө негиз берет. 


Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети жана өкмөтү тарабынан болгон ар тараптуу жардам жана өзгөчө сиздин жеке камкордук менен көңүл бөлүүңүз фестивалдын жогорку идеяда жана уюштуруу деңгээлинин камсыз болушуна чечүүчү таасир көрсөттү. Кыргыз жергесиндеги өткөрүлгөн күндөр кинофестивалдын бардык катышуучулары жана коноктору үчүн унутулгус окуя болуп калды. Бул үчүн бардык кинематографистт ердин атынан Советтик Кыргызстандын элине жана Компартиясына терең алкыш айтууга жана аларга жаңы ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксат этиңиз. 


Терең урматтоо менен Ф.Т. Ермаш.

1976 жылдын 14-майы”. 


Чыңгыз Айтматов Бүткүл союздук кинофестивалдын жыйынтыгына жогору баа берүү менен Турдакун Усубалиевичке ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүдөй катын жазган:


“Ардактуу Турдакун Усубалиевич! 

Өз колу менен жазылган кагаздын айрыкча мааниси бар дешет. Андай экен, 1-май майрамы менен куттуктап, кечээ жакында болуп өткөн Бүткүл союздук кинофестивалдын эң жогорку деңгээлде, эң чоң аброй менен өтүшүнө сиздин түздөн-түз салымыңызды баалап, кыргыз элин жанындай сүйгөн бүткүл журтчулуктун атынан зор рахмат айтып, ыраазычылык билдирем! 


Республиканы башкарып, көп жылдардан бери эл башында туруп, сиз чоң тажрыйбага, жетекчилик устаттыкка ээ болдуңуз. Ушуга жараша маданиятыбызга, рухий иштердин чыңдалышына, тереңдешине көмөктөш болуп келе жатасыз. 


Фестивалга келип катышкан аттуу-баштуу көркөм өнөрчүлөр сиздин адамгерчилигиңизди жогору баалашып, чоң интеллигент адам катары даңазалап кетишти. Мына ушул үчүн биз сиз менен сыймыктанып, дайыма ден соолук, ийгилик тилейбиз сизге. Бар болуңуз! 


Чыңгыз Айтматов 

29.04.1976-жыл”. 


Кайрадан чыгармабыздагы негизги каарманыбызга кайрылсак, Турдакун Усубалиевичтин доорунда таланттуу залкарларга көргөн аталык камкордугу өтө таасирдүүлүгүн калтырып кетти. Натыйжада, адабият, искусстводо, көркөм өнөрдө, спортто, СССРдин эл артистери, Лениндик, Мамлекеттик сыйлыктардын алган саны боюнча Кыргызстан союзда үчүнчү орунга чыккан. Ал сыйлыктарды калктын ар бир он миң адамына эсептегенде, республикабыз союзда теңдешсиз алдыңкы орунду ээлейт.1980-жылы Москвада өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк олимиадада Каныбек Осмоналиев баштаган спортсмендерибиз жалпы союздук республикалардын ичинен үчүнчү орунду ээлеп, жүрөк толкутуп турганын кантип унутабыз! 


Чыңгыз Айтматовдун ааламга атагы чыгып, өлбөс-өчпөс чыгарма жаратып, дүйнө элин таңкалтырып, Лениндик, үч жолу Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы, республикага, союзга такай депутат болгон мезгили, Ленин жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланышы, толугу менен кыргыздын “алтын доору” аталган Турдакун Усубалиевичтин мамлекетти жетектөө мезгилине дал келет. 


Эмесе, калыс сөзү менен калкына жаккан академик Абдылдажан Акматиевдин интервьюсуна көңүл буруңуздар: “Албетте, бул биринчи Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл талантына, изденүүсүнө байланыштуу. Экинчиден, бул кыргыздын адабий сыймыгына түздөн-түз Турдакун Усубалиевдин катыштыгы бар. Кыргызстан Борбордук Комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиевич республиканын партиялык бюросуна сунуш киргизип, ар кыл көз караштагы башка мүчөлөрдү ынандырып, Кремлдеги партиялык жана өкмөттүк жетекчилерге кирип, аларды дагы макулдаттырган колдоосун алып, теңсинбөөчүлүк тоскоолдуктарды жеңип чыкканы тарыхый факт. Усубалиев Айтматовдун ар бир чыгармасын учурунда китеп болуп жарык көрүшүн, калемгердин үй шартын уламдан жакшыртууну, чыгармачыл шарт түзүүнү өз колуна алган. Эгерде Чыңгыз Айтматовго ушундай өз убагында аталык камкордук жасаган жетекчи болбогондо, балким, башка таланттуу адамдардай чыгармачылык кризиске учурап калар беле деп ойлоп кетесиң... 


Турдакун Усубалиевич Чыңгыз Айтматов менен республиканын айыл чарбасы, өнөр жайы, экономикасы, маданий, курулушу ж.б. маселелери жөнүндө кеңешип, пикирлешип турган. “Кыргыз керемети” деп дүйнөгө даңкы кеткен кино искусствобуз да Усубалиев менен Айтматовдун жетекчилик ишмердүүлүгүнө байланыштуу” дейт биздин чыгаан окумуштуубуз. 


“Эртедир-кечтир баары бир айтылчу сөз болгондуктан, аалымыбыздын оң-тетири жагына токтосок, эки дүйнөнү көрүп тургандай, дүйнөнү дүңгүрөткөн өлбөс-өчпөс чыгарма жаратып, аалам элин таңкалтырган улуу философтун, президенттик шайлоодо кепилдик берген жетекчилеринин иш жыйынтыгына каяша айтып баа бербей, өмүрү өткүчө алар менен үзөңгүлөш болгонуна пенде катары таңкалып, кейиштүү жашап келем. 


Биринчиси, дүйнөдөгү чабал мамлекеттерге тирек болгон СССР империясын тараткан, социалисттик лагердин быт-чытын чыгарып, бирине-бирин душмадаштырган Михаил Горбачевго жакындашып, ага кеңешчи болуп, чет өлкөлөрдү чогуу кыдырып, “камчысын чаап”, СССР элдеринин съездинде аны айга-күнгө теңеп, тараза ташын оодаргандарга кошулуп, СССРдин биринчи жана акыркы президенттигине шайлатып кетпедиби. Ошол эле съезде Айтматовдун калемдеши, дүйнөгө белгилүү жазуучу, КПСС Борбордук Комитетинин мүчөсү, СССР Жогорку Советинин депутаты Борис Олейник Горбачевдун Батышка сатылгандыгын, Рим Папасы менен мамлекеттик токтомду бузуп, жалгыздап сүйлөшкөнүн айтып, жанын коёрго жер таппай, күйүп-бышып турду го! Көкжал жазуучу КПСС Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнөн, союздук депутаттыктан баш тартып, Горбачевдун чыккынчылыгын ашкерелеген “Князь тьмы. Два года в Кремле” деген китеп жазып, калайык калкына бекер таратпадыбы! 


Чыңгыз Айтматов менен Аскар Акаев 1997-жылы өткөн “Ысык-Көл” форумунда саткын Горбачевду аздектеп чакырып, ага таазим кылып турганын көргөнүбүздө калдайган калкы нааразы болуп турду. Батыштын жетегиндеги Горбачев өз мекенине, Ата журтуна жасаган чыккынчылыгын жогору баалап, “Тынчтыкты сактагандыгы үчүн” ааламдагы эң барктуу наам аталган эл аралык Нобель сыйлыгын тапшырып, анын ааламдагы эң зор СССР империясын алеки заматта талкалап, душмандарыбызды сүйүнткөнүнө жалпыбыз күбө болдук. 


Батыштын саясатын колдогон М.Горбачев союздагы өнүгүп бараткан республикаларды, алардагы алгылыктуу жасалган иштерди, Машеров, Щербицский, Романов, Шелепин, Кунаев, Усубалиев жана Алиев сыяктуу чыгаан жетекчилерге кыжырдануу менен мамиле жасагандыгына кийинчерээк түшүнүшкөн. 


Экинчиси, элибизге итбекер келген эгемендүүлүктө республиканын биринчи президентин Жогорку Кеңеште шайлоодо Аманбаевди, Жумагуловду, Масалиевди кулатып алып, депутаттар Мар Байжиев, Төлөмүш Океев жана Казат Акматов Москвада жүргөң Чыңгыз Айтматовго телефон чалса, “мен такыр жарабайм, жарачу мыкты жигит Аскар Акаев Москвада жүрөт, менин атымдан аны колдоорумду депутаттарга айткыла” деген. Асмандан алтын тапкандай кудуңдап үчөө сүйүнүп жетип келишти. Ага чейин депутаттар өз ара сүйлөшүп, Насирдин Исановдун кандидатурасын колдоп турганбыз. Олуядай көргөн Чыкебиздин сунушуна көпчүлүгүбүз кайра оодарылып, Аскар Акаевди колдоп кеттик. 


Айтматов өзүнүн жазуучулук туу чокусуна дал усубалиевдик-айтматовдук убакта жеткен. Буга биз кабатыр болчу негизибиз жок” дейт академик О.Ибраимов (“Турдакун Усубалиев: Өмүрү жана тагдыры. «Турар». 2019-жыл 71-бет). 


“Турдакун Усубалиевдин жасаган эмгегин башка бир дагы республиканын жетекчилери менен салыштырууга болбойт” деген корутундуга токтойт, көрүнүктүү аалымыбыз Базарбай Мамбетов өзүнүн Кыргызстандын жарым кылымдык өнүгүү жана талкалануу экономикасын конкреттүү анализдеген баалуу китебинде. (“Как это случилось” “Турар” 2019-жыл, 380-бет). 


Кыргыз киносунун шедеври аталган, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин сөзүнө таянсак, “Турдакун Усубалиев кино жаатындагы өзгөчө проблемаларды кино искусствосунда иштеген бизден алда канча жогору түшүнүп, дүйнөлүк адабияттагы, искусстводогу улуу таланттардын чыгармаларын баалай билген” деп баа берип кетпедиби. 


Турдакун Усубалиевич кыргыз “күмүш кылымында” анын түздөн-түз эмгеги бар экендиги чындык. “Чыңгыз Айтматовдун табигый улуу жазуучулук таланты мен республикада жетекчилик кылган жылдарда өз канатын кеңири жайгандыгын, ошол учурда ал өзүнүн сонун чыгармаларын жараткандыгын, дүйнөгө белгилүү жазуучунун деңгээлине көтөрүлгөнү мага айтып бүткүс канааттануу алып келген. Мен анын чыгармачылык, коомдук-саясый, мамлекеттик иштерине түз тиешем бар экендигин айта алам. Керек болгон учурда ар тараптан колдоп, аны жаманатты кылгандардан, ишине көлөкө түшүргөндөрдөн коргоого аракеттенгем”. 


Капыстан, биргелешкен 25 жылдык иштен кийин ал 180 градуска тескери бурулуп, менин бүткүл ишимди сызып салып, эми андан эч нерсе көрбөй, ал үчүн баары кара түскө айланып калган. Мунун өзү урматтуу окурманым, мен үчүн ачык асмандагы чагылган добулдун добушу эмеспи? 


Турдакун Усубалиевич 1961-1963-жылдары үч жыл катары менен Айтматовдун “Жамийласын” республикалык Жазуучулар союзунун токтомун чыгартып, Лениндик сыйлыктын лауреаттыгына жан үрөп аракеттенген. Сыйлыктын тагдырын чечүүчү Кремлде өзү аралаша иштеген жетекчилерине, комиссиянын ар бир мүчөсүнө чалбаган телефону, сагалап кирбеген керектүү эшиги калбай калган. Кийинки үч жолу көрсөтүлгөн мамлекеттик сыйлыктарды алууда дагы Усубалиевдин ак эмгеги кайталанган. 


“1978-жылы Айтматовдун элүү жылдык юбилейин утурлап, Социалистик Эмгектин Баатыры деген наамын ыйгарууга Кыргызстан КП БКнын бюросунда тийиштүү токтомун даярдап, КПСС БКнын идеология бөлүмүн тейлеген катчысы М.В.Зимянинден “жок” деген тескери жоопту алып, бюронун мүчөлөрү М.А.Суслов, А.П.Кириленко, К.У.Черненкодон колдоосуна таянып, Л.И.Брежневдин кабыл алуусунда, Айтматовдун совет адабияты үчүн эмгектерин, чыгармалары СССР элдеринин 76 тилине которулуп, 13 миллион нускада жарыкка чыкканын, анын жазгандарынын негизинде 10 көркөм тасма тартылып, нечендеген спектаклдер коюлуп жаткандыгын баяндадым” дейт Турдакун Усубалиевич өзүнүн жазган китебинде. Сунушубуз КПСС БКнын секретариятында талкууланып, КПСС БКнын Саясый бюросунда чечилсин деген резолюцияны алып чыгат. Ушундай татаал саясый аракеттен кийин эки жума өткөн соң СССР Жогорку Советинин президиумунун указы менен Чыңгыз Айтматов Социалистик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамга ээ болот. Турдакун Усубалиевич “бул жогорку баа Чыңгыз Айтматовдун гана сыйлыгы эмес, бүткүл Кыргыз совет адабиятынын, искусствосунун жетишкендиги” деп зор кубанычтуулук менен кабыл алган. 


Жаратылышынан бир беткей өнүккөн таланттуу адамга иштөө жана жашоо шартын талаптагыдан жогору уюштурган, өзүнөн тогуз жаш кичүү Чыңгызды толугу менен Турдакун Усубалиевичтин даярдап өстүргөн кадры дегенге негиз болуп турбайбы? Кийинчерээк Кыргызстанга келип, Чыңгыз Айтматовдун эки өз алдынча үй-бүлөлүк шартын, Фрунзедеги, Чолпон-Атадагы дачаларын, иштеген Кыргыз кинематографиядагы ыңгайлыктарын көргөң атактуу жазуучу, Социалистик Эмгектин Баатыры, “Литературная газетанын” башкы редактору болуп көп жылдары эмгектенген Александр Чаковский “мындай өтө өзгөчөлөнгөн бейиштегидей шарт союздун бир дагы жазуучусунда жок” деп таңкалган. Кийинчерээк Усубалиевдин үстүнөң материал чогулткан союздук партиялык Контролдоо комиссиясынын инспекторлору жыйырма беш жылдык иштөө мезгилинде жалгыз тапкан “кылмышы” “Айтматовго элиталык үй мыйзамсыз берилген” дешип справкага киргизишкен. 


Тилекке каршы, эки улуу залкар инсаныбыздын ынтымагы түбөлүккө уланган жок. 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болгон Ч.Айтматов Кыргыз филармониясында бир жумалык съездин өткөргөндө, пенсиядагы Турдакун Усубалиевдин дарегине кошоматчы, “арзымат” жазуучулар негизсиз көптөгөн жалган жамандоолорду “арнаган”. Алардын жалган айткан материалдарын гезит-журналдарга жарыялап, союздук, республикалык радио, телеберүүдөн кайталап көргөзүүдөн уялышпаган. 


Съездге катышып отурган дүйнөгө белгилүү атактуу калмак акыны, Социалистик Эмгектин Баатыры Давид Никитович Кугультинов “мен дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырып чыктым. Бирок, бир жерден дагы азыркы Кыргызстан Жазуучулар союзунун съезди өтүп жаткандагыдай искусствонун храмын эч жерден көргөн жокмун. Ушундай жаркыраган имаратты курган Кыргыз Республикасынын даанышман жетекчиси Турдакун Усубалиевдин канча катасы болсо дагы аны кечиргенге татыктуу” деген. 


Казакстандын Жазуучулар союзунун башкармасы, Казакстандын эл жазуучусу, кесиби инженер-геолог Олжас Сулейманов “республиканын мурдагы мамлекеттик жетекчисин далилсиз сындагандан бөлөк кыргыз Жазуучулар союзунун башка чыгармачылык изденүү иштери калбай калганбы? Андан көрө съездиңерди маданияттуу, жогорку чыгармачылык деңгээлде өткөрүүгө аракеттенбейсиңерби?” деп экөө гана Турдакун Усубалиевичтин дарегине кескин калыстык сөздөрүн айтышып, кыргыз “күнкарама” жазуучуларын уяткарышкан. 


Олжас Сулейманов менен Давид Кугультиновдун съездде айткан сөздөрү Жазуучулар союзунда катылып жатып, жарыкка чыккан эмес. Көп жылдардан кийин гана кокусунан табылып, коомчулукка кечирээк билинген. 


Кремлден, өзү тарбиялап, бийликке жеткизгендердин кемсинткени аз келгенсип, Айтматов дагы Турдакун Усубалиевичке жолукпай, мурдагы отуз жылдык ысык байланышын түбөлүк токтоткон. Атүгүл Кыргызстан Компартиясынын Абсамат Масалиевич өткөзгөн XVIII съездинде “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын, Жусуп Баласагындын 975 жылдык юбилейин, кыргыз тилин өркүндөтүүнү уюштурган эмес” деп Турдакун Усубалиевдин дарегине күнөө койгон. Анын мындай күтүүсүз тескери аракеттерин республиканы жетектеген чейрек кылымда Кыргызстандын эл чарбасындагы, маданият, искусствосундагы, курулуштарындагы олуттуу ийгиликтерин, Турдакун Усубалиевичтин даанышман мамлекеттик жетекчи, куруучу экендигин партиялык съездерде, пленумдарда, борбордук гезит-журналдарга кайталап даңазалаган Чыңгыз Айтматовго ишенип-ишенбей турдум” дейт улуу мамлекет жетекчибиз. 


“Жамийланы” Бетховенге теңеп, алгачкы курч материалын жарыкка чыгарган Жазуучулар союзунун башкармасы, Кыргыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, таланттуу филосов Азиз Салиевдин Лениндик сыйлыктын лауреаттыгына Айтматовдун татыктуу болуудагы аракети зор болгон. Бирок, Биринчи мугалим” кинофильмин жалпы республикалык талкуудан кийин экөөнүн чыгармачылык байланышы токтогон. 


Ооматтуу кыргыз жеринде нечендеген залкар акылмандар эл сөзүн эзелтеден байытып келген. Биринин көзү өтсө экинчиси, бир муундун дөөлөтү тайыса улам кийинкилери көөнөрбөс акыл өнөрүнүн булагын агызышкан. Мелмилдеген түптүз талаада асман тиреген “Эверест” чокусу жалгыз жаралбаган сымак, “тоо тоого таянат” дегендей, Чыңгыз агабыз дагы ошол кыргыз тоолорунан аккан кыргыз дарыяларынан даам таткан, тарбияланган, биздин багыбызга планетардык жазуучуга айланып, көптөгөн акыл кереметтерин мурастап, адамзаттын алтын казынасына калтырып кетти. 


Миңдеген жылдар тарыхы бар кыргыз калкынан Толубайдай, Санчыдай көрөгөч сынчылар өткөн, Ырамандын уулундай ырчылар өткөн, Жээренчедей, Акылкарачачтай сайраган чечендер өткөн, кечээ эле Бай уулу Калыгулдай олуя заада, акылман атабыз өткөн. Махабаттын улуу жарчылары Балыктай, Барпы акындай төкмөлөр, бою бир карыш, ою миң карыш поэзиянын ээси Алыкулдай тубаса генийлер өткөн, сайган талдары, салган тамдары, жыйырма томдук акыл кереметтерин мурастаган осуяттары, чейрек кылымда электр энергиясын өндүрүүнү он сегиз эсеге көбөйтүп, ошол эле мезгилде суу сактагычтарды курууну кырк беш эсеге көтөрүп, өндүргөн продукцияларды беш эсеге, улуттук киреше алты эсеге, арттагы агрардык республиканы жылына 6-7% өсүш берип, союздагы, дүйнөдөгү алдыңкы агрардык-индустриялуу өлкөгө жеткизген. Айтматов, Миңжылкиев, Жумакматов, Рыскулов, Кийизбаева, Бейшеналиева, Касымбеков, Стамов, Кыдыкеева, Куюкова, Айтиев, Садыков, Океев, Шамшиев, Осмоналиев, Паклин, Меленьтев, Кулчунова,Чокморов, Мырзабаев, Сартпаева, Токомбаева, Токтакунова, Молдобасанов, Бегалиев, Чуйков, Лущихин, Волкова, Алимов, Адышев, Иманалиев, Миррахимов, Мамытов, Оторбаев, Сейталиев, Базарбаев сыяктуу ааламга белгилүү жайнаган шедеврлерди тарбиялап эрезеге жеткизкен, Эл атасы, мамлекеттик улуу жетекчи Усубалиев Турдакун дагы «алды сүйүнүч, арты өкүнүч» болгон жалган жашооңдон аттанып кеткен. 


Замана ѳтѳѳр, заң ѳтѳѳр. Турдакун Усубалы уулунун Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген мезгил – доор жыйынтыгы кадимки бабасы Бай уулу олуя Калыгулдун кайрылып келген башкаруу доору турбайбы. Башкача салыштыруу, башкача ой жоруп, тыянак чыгаруу мүмкүн эмес дейм…  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн