Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Үй камагында жүрүп соттук отурумдарга келбей койгон жаран кармалды

04.02.2022 09:46
734
Үй камагында жүрүп соттук отурумдарга келбей койгон жаран кармалды

Ыкчам кызматкерлер тарабынан издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 2022-жылдын январында издөөгө алынган жарандын жүргөн жерин аныктоо жана аны кармоо ыкчам иштерди жүргүзүшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан 1983-жылы туулган Д.А.ны кармашты. Мурда анын аты-жөнү башка болгон: 1983-жылы туулган С.В.. ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.  

 

   Буга чейин ал ири өлчөмдөгү акча каражатындагы алдамчылыкка шектелип кармалган. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ал үй—камагында жүргөнү менен соттун чакырууларына барбай койгон. Ушуга байланыштуу соттук отурум үч жолу башка күндөргө жылдырылган. 2021-жылдын декабрында сот тарабынан үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлгөн. Жакында, соттун токтомуна ылайык, издөөдө жүргөн 1983-жылы туулган жаран Д.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн