Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 02:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМКга түшүндүрүү иштери үчүн алынып келинди

16.11.2021 18:06
649
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМКга түшүндүрүү иштери үчүн алынып келинди

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарга карата Кыргыз Республикасынын бир катар облустарында ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз маалымдайт.


Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 12-ноябрына чейинки аралыкта КР УКМК органдарына мурда ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган бир катар КР жарандары алынып келинип, алар менен тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле алардын шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол бербөө боюнча профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


КР УКМК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте республиканын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө-ыкчам иш-чараларын пландык негизде улантууда.


УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсү же башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн учурда, КР мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн кайрылууну өтүнөт.


КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 66-04-75, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:


Чүй облусу (0312) 54-07 19;

Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

Ош облусу: (03222) 2-30-78;

Талас облусу: (03422) 5-20-43;

Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн