Эл аралык валюталык фонд 2020-жылдын 8-майында Кыргызстанга 121,1 млн АКШ доллары өлчөмүндө көмөктүн экинчи траншын жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эл аралык валюталык фонддун биринчи траншы бюджеттин социалдык-маанилүү чыгымдарына пайдаланылган. Натыйжада, жалпысынан алганда Эл аралык валюталык фонддун линиясы боюнча көмөктүн өлчөмү 241,9 млн АКШ долларын түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн