Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 28-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, ал мурунку вице-мэр Татьяна Кузнецованын ордуна келди.
Мозгачева социалдык тармакты көзөмөлдөйт. Ал буга чейин «Бишкек жылуулук» коммуналдык ишканасынын директору болчу.
Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетте инженер-экономист адистиги боюнча жогорку билим алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн