Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Вице-мэр В.Мозгачева күтүүсүздөн №2 поликлиникасына бейтап болуп барды

12.08.2020 19:55
1542
Вице-мэр В.Мозгачева күтүүсүздөн №2 поликлиникасына бейтап болуп барды


Бүгүн, 12-августта Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Ленин районунун №2 поликлиникасына күтүүсүздөн бейтап болуп барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ММКларда аталган үй-бүлөлүк медициналык борборунун лабораториялык жана дарылоо бөлмөлөрүндө чоң кезектер жаралып, дарыгерлердин ишине нааразычылыктар келип жаткандыгы боюнча маалыматтар чыккан.  


"Бүгүн эртең менен үй-бүлөлүк медицина борборунун алдында кезекте тургандар аз. Дарыгерлердин бөлмөлөрүнүн алдында бир нече адам күтүп турушат, бардыгы бет кап менен, аралык сакталган. №2 ҮМБ директорунун орун басары Саадат Уралиеванын ишке кечигип келгендиги боюнча, ал күнү анын себептери болгон. Аталган борбордун башкы дарыгери Жыргал Касымалиев ковид-19 дарылоодон кийин реабилитацияда, борбордо 200гө жакын медицина кызматкерлери иштешет, алардын ичинен 60 кызматкер  коронавирустук инфекциясы менен ооруп сакайды, учурда акырындык менен ишке чыга башташты", - деп айтылат маалыматта. 


№2 ҮМБ директорунун орун басары Саадат Уралиева клиникалык лабораторияга жана дарылоо бөлмөлөрүнө узак кезек болгон учур бир жолу катталганын билдирди. Калган күндөрү орто эсеп менен 30-50 адам кайрылат.


Вице-мэр В.Мозгачева шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн поликлиниканын иштерин санарип форматка өткөрүүдө жардам көрсөтөрүн билдирди. Дарыгерге онлайн жазылуу registratura.med.kg порталында жүргүзүлөт. Системага бардык шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган. 


Программаны киргизгенден бери портал аркылуу дарыгерлерге 75 миң 574 шаар тургуну жазылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн