Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Вице-премьер-министр кызматына Эркин Асрандиевдин талапкерлиги сунушталды

04.02.2020 15:01
709
Вице-премьер-министр кызматына Эркин Асрандиевдин талапкерлиги сунушталды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кээ бир жетекчилерди кызмат орундарын алмаштырууну сунуштап жатат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматынан бошотулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектөөгө жөнөтүлүүдө. Анын ордунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директору Эркин Асрандиевдин талапкерлиги каралууда.

Эркин Асрандиевди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Сунушталган талапкер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганына токтолду. Парламенттин тиешелүү комитети өкмөт башчысынын сунушун колдоого алды. Эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн