Военно-Антоновка айылында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана үй эмеректери күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган Л.Л. аттуу аял кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн