Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 05:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

XXI кылым. Балалык – өтүлбөй калды… Чүкө атылбай, сай сагыз терилбей, ак чөлмөк ойнолбой калды

30.12.2021 12:11
1875
XXI кылым. Балалык – өтүлбөй калды… Чүкө атылбай, сай сагыз терилбей, ак чөлмөк ойнолбой калды


XXI кылым. Балалык – өтүлбөй калды… Чүкө атылбай, сай сагыз терилбей, ак чөлмөк ойнолбой калды. А балалыкта не жазык?
***
“Кош!” дебей “Жакшы кал!” де. Бизди үмүттөр байлап турсун…
***
Кыргызча сүйлөсөң оюңда кыргыздын жан-дүйнөсү бар, орусча сүйлөп, орусча окусаң орусча жан-дүйнө сезесиң, ошол сыяктуу жаңы чет тил сүйлөсөң жаңы жан-дүйнө сезесиң. Жаңы, башка жан-дүйнө! Чет тил билүүнүн пайдасы эле эмес касиети ушунда.
***
Баарыбыз өлөбүз. Бул чындык жана адилет. Бирок ар кимибиз ар башка себеп менен өлөбүз. Мен үчүн мына ушул адилет эмес.. Анткени капилет жабышкан оору, капилет келген кырсык, карасанатайлык, зордук-зомбулук, согуш... – мунун баары адилетсиз!
***
Сулуулар менменсинип койгон менен көбүнчө жалгыз болушат…
***
Карып атканыбызга сүйүнөлү. Адамдар жаш өлүп атышпайбы, жаш өлүп..!

Жеңишбек Эдигеев, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн